00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Трактор не роскошь: как «Росагролизинг» и льготные кредиты помогают аграриям в КР
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Кыргызстан адаптирует бизнес-правила под нормы ЕАЭС и цифровую экономику
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги транспорттук-логистикалык интеграция кандай абалда — транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, санариптештирүү
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баткенде "Айгүл гүлү" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чараны дүйнөлүк деңгээлдеги брендге айлантуу мүмкүнбү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
АКШнын согушу – шайтандын согушу: Жакынкы Чыгыштагы абал кандай?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

10 жылдан соң Олимпиаданын колосун алган балбан Базар Базаргуруев тууралуу 5 факты

© Фото / предоставлено федерацией борьбы КРСпортсмен из Кыргызстана Базар Базаргуруев
Спортсмен из Кыргызстана Базар Базаргуруев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 4-март күнү Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында 2008-жылы Пекин Олимпиадасынын коло медалы Базар Базаргуруевге салтанаттуу тапшырылат.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Азия чемпиону, 33 жаштагы бурят балбаны тууралуу кызыктуу фактыларды спорттук баяндамачы Кабыл Макешов айтып бермекчи.

1. Фермердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Базар Базаргуруев 1985-жылы 9-январда Россиянын Бурят автоном облусунун Челутай айылында жарыкка келген. Беш бир туугандын кенжеси.

Кадеттер арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында бир жолку чемпиону Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Акжол Махмудов: финалга чыгаарда Канат Бегалиевдин сөзүн угуп ызаландым
2. Күрөшкө жол. Базардын спорттук бийиктиктерге жетүүсүнө жол ачкан "НОМОТО" спорт клубу болгон. Эркин күрөш менен 12 жашынан машыга баштаган. Алгачкы устаттары — Россиянын эмгек сиңирген машыктыруучулары Бато Базаров жана Федор Махутов. Алгачкы медалын 6-класста окуп жүргөндө райондук мелдеште уткан. Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону, Кыргызстанга эмгек сиңирген спорт чебери. 2007-жылдан тарта Кыргызстандын намысын коргоп, машыктыруучу Анарбек Үсөнкановдун жана жеке устаты Жамсо Лхамажаповдун кол алдында машыга баштаган.

3. Алгачкы алтын. Спорттук ийгиликтери кыргыз жеринде башталып, 2007-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынган. Ошол эле жылы Баку шаарында өткөн дүйнө чемпионатында коло байге утуп, Пекин Олимпиадасына жолдомо жеңип алган. 2009-жылы Таиланддын Паттайя шаарында өткөн Азия чемпионатында коло медалдын ээси болгон. 2010-жылы да Азия чемпионатында коло байге, 2011-жылы Иранда "Тахти" эл аралык турниринде алтын медаль уткан. 

© AP Photo / Ed WrayБалбан Базар Базаргуруев
Олимпийские игры в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Балбан Базар Базаргуруев

4. Олимпиада. 2008-жылы Пекинде өткөн олимпиадалык оюндарда 60 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргоп, алгач албаниялык балбанды жер караткан. Чейрек финалда Европа чемпиону, украиналык Виталий Федоршин менен күрөшүп, Базардын эки упайын калыстар эсепке албай, 3:1 эсебинде утулуп калган. Федоршин финалга чыгып, Базар коло байге үчүн талапкерлердин таймашында дүйнө чемпиону, америкалык Майк Задикти утуп, коло байгеге талапкердин бири болгон. Коло медаль үчүн күрөштө япон балбаны Кеничи Юмотого аз айырма менен утулуп калган. Бирок 9 жылдан кийин учурунда Пекин Олимпиадасынан күмүш медаль уткан украиналык Федоршиндин канынан туринабол кызытмасы табылып, Эл аралык олимпиада комитети ал уткан күмүш байге япониялык Кеничи Юмотого ыйгарылганын жарыялаган. Ал эми ошол учурда 5-орунду ээлеп, бармак тиштеп калган Базар Базаргуруевге Кеничи Юмотонун коло медалы өттү.

5. Фермер балбан. Учурда Базар туулуп-өскөн Бурят автоном облусунун Челутай айылында жаштарды эркин күрөшкө машыктырып, фермердик чарба менен да алектенип жүрөт. Анын 70тен ашуун жылкысы, бодо малы бар. Асыл тукум күлүгү облустук ат чабыш аламан байгеде марага озуп келип, абсолюттук чемпион аталган. Келинчеги Дарима экөө үч уулдун ата-энеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0