БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 22-23-майда Кыргызстандын туристтик компаниялары Ысык-Көлдөгү мейманканалар менен конок үйлөрү тууралуу айтып беришти. Бул тууралуу КРдин Соода-өнөр жай палатасынан кабарлашты.
Соода-өнөр жай палатасы 2017-жылдан тарта эки өлкөнүн ортосундагы мамиле кадыресе жакшырганын, мамлекет аралык Ташкент — Тамчы аба каттамы ачылып, темир жол каттамы жанданып, жүк ташуу активдешкенин айтышты.
"Өзбекстанга курорттук жай катары Ысык-Көл жакын болгондуктан, өзбекстандык туристтерди тартуу кыргыз экономикасына алда канча пайдалуу", — дешти аталган палатадан.
Аталган эки күнү өзбекстандыктар жана шаар конокторуна кыргыз бермети — Ысык-Көл, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары жөнүндө айтып берип, туристтик операторлордун жолугушуусу уюштурулат.
Кыргызстан, анын ичинен Баткен облусу туристтерди кызыктырган жайлардын бири. Айгүл ачкан маалда алыстан, жакындан келгендердин аягы үзүлбөйт.