Тынчыбыган Армения: Пашинян элди өлкөнүн бардык жолдорун тосууга чакырды

© Sputnik / Асатур Есаянц / Медиабанкка өтүүМитинг сторонников оппозиции после выборов премьер-министра в Армении
Митинг сторонников оппозиции после выборов премьер-министра в Армении - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нааразылыкка чыккандардын "элдин ичинен чыккан талапкерди" өкмөт башчылыгына шайлоо деген бир гана талабы бар.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Армения оппозициясынын лидери Никол Пашинян Улуттук жыйындын депутаттары аны премьер-министрлик кызматка бекитүүгө добуш бербей койгону үчүн элди көтөрүлүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Ал мамлекеттик кызматкерлерди "моюн сунбайбыз" деген жарандык акцияга чыгып, көчө менен жолдорду жабууга үндөдү.

Тагыраагы, ал армениялыктарды бардык трассаларды, анын ичинен аэропортко кеткен жолду тосуусун айтты. Анын пикиринде, нааразылыкка чыккандардын бир гана талабы бар, ал — "элдин ичинен чыккан талапкерди" өкмөт башчылыгына шайлоо.

Гранаты и дымовые шашки — видео разгона митинга в Армении - Sputnik Кыргызстан
Тарсылдаган үн, кишини суналта көтөргөн полиция. Армениядан алынган видео
Пашиняндын тарапташтары өлкөнүн борбору Ереванда "жеңишке жеткенге чейин" митинг кылууга даяр экендиктерин айтышты.

1-май күнү Никол Пашинянды Улуттук жыйындын депутаттары премьер-министрликке шайлабай койгон. Талкуу атайын отурумга салынган соң Армениянын оппозициячысына 45 депутат добуш берген, өкмөттү жетектөө үчүн 53 добуш зарыл эле.

"Елк" бирикмесинин талапкери үчүн парламенттеги эки фракция "Царукян" жана "Дашнакцутюн" блоктору макул деген. Парламентте 105 депутат болсо, үч фракция 47 мандатка ээ. Ал эми Армениянын республикалык партиясынын 58 мандаты бар. Бул башкаруучу партия. Алар оппозициянын талапкерине каршы добуш берген.

Аталган фракциянын лидери Ваграм Багдасарян буга чейинки билдирүүсүндө фракциялар талапкер сунуштаса, каршы болбой тургандыктарын айткан. Анткен менен добуш берүүгө келгенде андай болгон жок.

Пашинян добуш берүүнүн жыйынтыгынан соң "кеп премьерликке шайланып же шайланбай калышында эмес" эмес экенин белгиледи.

"Силер элдин жеңишин каалайсыңарбы же жокпу, кеп ошондо. Бул жеңишти токтото албай тургандыңарды жакшы билесиңер", — деген ал.

Пашиняндын "Жарандык келишим" партиясынын маалымат катчысы Тигран Авинян оппозиция лидерини талапкерлиги Армениянын өкмөт башчылыгына кайрадан сунушталарын айткан.

Ситуация в Кыргызстане во время мартовских событий 2005 года - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы "Жоогазын революциясы". 13 жыл мурдагы сүрөттөр
"Никол Пашиняндын талапкерлигин кайра сунуштайбыз. Элдик кыймыл ийгиликке жетти деп эсептейм, ал эми бир аптадан кийин бул ийгиликти юридикалык жаткан бекитебиз", — деген Авинян.

Баш мыйзамга ылайык, өкмөттүн жаңы жетекчисин шайлоо жети күндөн кийин өтөт. Эми талапкерди өзүнчө фракциялар эмес, кеминде депутаттардын үчтөн бир бөлүгү сунушташы керек. Эгерде премьер-министрди экинчи ирет шайлай албай калышса, анда парламент тарашы керек болот.

Евробиримдик эмне дейт?

Евробиримдик Армениядагы окуяларга катышып жаткан бардык тараптарды, анын ичинен тартип коргоо органдарын, нааразылыкка чыккандарды каршылашуудан алыс болууга чакырды.

"Бул окуяга катышып жаткан тараптар, тартип сактоочулардан тарта өзүнүн эркиндикке болгон укугун орнотом деп жаткандар кагылыштан алыс болушу зарыл. Акыркы күндөрү болуп келе жаткан сабырдуулукту сактап, жоопкерчиликти сезе билгени жакшы", — деп айтылган Европалык тышкы саясат боюнча кызмат тараткан маалыматта.

Эске салсак, Серж Саргсяндын премьер-министр болуп шайланышына каршы нааразылык акциялар 13-апрелде башталган. Никол Пашинян башында турган оппозиция аны өлкөнү натыйжасыз башкарып, экономикалык абалды начарлатып жиберди деп күнөөлөгөн. Кийин ал премьерлик кызматка талапкер болгон.

Ситуация в Кыргызстане во время мартовских событий 2005 года - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: марттагы революция "туура жолдон тайбагыла" деп эскертип турат
2018-жылдын 16-апрединде митингге чыккандар парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылганы менен полиция аларды артка сүрүп, мунун кесепетинен ондогон киши жаракат алган. Ал эми 17-апрелде нааразылыкка чыккандар "баркыт ыңкылабы" башталганын жар салган.

Нааразылыктарга карабай, Армениянын парламенти 17-апрелде Саргсянды өкмөт башчылыкка шайлаган. Бирок толкундоолордун кысымынан улам, 23-апрелде, алты күндөн соң Саргсян отставкага кеткен.

Бул окуялар Армения башкаруунун парламенттик түрүнө өтүү боюнча Баш мыйзамга өзгөрүүлөр киргизилгенден кийин болгон. Алардын негизинде премьер-министр бийликтин негизги адамы болуп калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0