Колго пельмен түйүп саткан Зиядат: үйдө отурган аялдарды ишке тарта баштадым

© Sputnik / Табылды КадырбековПельменный цех в новостройке "Ала-Тоо" в Бишкеке
Пельменный цех в новостройке Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ала-Тоо" жаңы конушунун тургуну Зиядат Абдылдабекова ишкерлик чөйрөсүнө жаңыдан аралаша баштады. Колго пельмен түйүп сатып, өзү гана эмес, бала менен үйдө отурган келиндерди да жумуш менен камсыз кылган.

Жөн отурбай чакан болсо да аялдарга иш берип, колдун пельмендерин сунуштаган жаш ишкер менен Sputnik Кыргызстан агенттиги жолугуп келди.

29 жаштагы Зиядат Абдылдабекова өзү базарда эт сатып иштегендиктен таң атпай жумушка 5терде кетет экен. Түшкө чейин соода кылып, андан соң пельмен түйгөн чакан цехине келет. Азырынча эт туураган аппараты жок болгондуктан, этти базардан майдалатып даярдай келерин айтты.

"Буга чейин эт сатып "Ош" базарда иштечүмүн. Бир күнү социалдык ишкерлер ассоциациясынын "Жаңы конуштардагы аялдардын жашоосун жакшыртуу" деген долбооруна катышып калдым. Уюштуруучулар катышуучулардан "ишкерлик кылууга кайсы тармакты тандайсыңар?" деп сурап калды. Эт менен иштегендиктен мен пельмен түйүп сатуу сунушун киргиздим. Дароо колдоп, чакан цех ачууга алар да көмөктөштү. Башында өзүм үйдөн жалгыз эле түйчүмүн. Кийинчерээк буйрутмалар көбөйө баштагандыктан ишке үйдө бала карап отурган келиндерден алдым", — деди жаш ишкер.

Чакан цехтин үч жумушчусу бир күндө 20 килограммдай пельмен жасашат. Кадимки үйдүкүндөй баарын колго түйүп чыгышат экен. Даяр болгон продукция азырынча "Ала-Тоо" жана "Ак-Ордо" жаңы конуштарынын дүкөндөрүнө гана таратылып жатыптыр.

© Sputnik / Табылды КадырбековҮйдө отурган аялдарды жумушка тарткан Зиядат
Пельменный цех в новостройке Ала-Тоо на окраине Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Үйдө отурган аялдарды жумушка тарткан Зиядат

"Негизи пельмендин бир килограммын 200 сомго баалап жатабыз. Бирок биз аны жарым килограммдан кылып бөлүп, баштыкка даяр кылып салып беребиз. Ошондо бир баштык пельмен дүкөндөрдө 100 сом турат", — деди Абдылдабекова.

"Ала-Тоо" жаңы конушунун тургуну Сагын Акматова буга чейин мугалим болуп иштеп, пенсияга чыккан. Учурда небере карап жаткан аял бул жумуш ага абдан ыңгайлуу экенин айтты.

© Sputnik / Табылды КадырбековӨзү түшкө чейин "Ош" базарында эт сатып иштейт
Өзү түшкө чейин Ош базарында эт сатып иштейт - Sputnik Кыргызстан
1/4
Өзү түшкө чейин "Ош" базарында эт сатып иштейт
© Sputnik / Табылды КадырбековЧакан цехтин үч жумушчусу бир күндө 20 килограммдай пельмен жасашат
Чакан цехтин үч жумушчусу бир күндө 20 килограммдай пельмен жасашат - Sputnik Кыргызстан
2/4
Чакан цехтин үч жумушчусу бир күндө 20 килограммдай пельмен жасашат
© Sputnik / Табылды КадырбековКадимки үйдүкүндөй баарын колго түйүп чыгышат
Кадимки үйдүкүндөй баарын колго түйүп чыгышат - Sputnik Кыргызстан
3/4
Кадимки үйдүкүндөй баарын колго түйүп чыгышат
© Sputnik / Табылды КадырбековБир баштыгын 100 сомдон сатып алса болот
Бир баштыгын 100 сомдон сатып алса болот - Sputnik Кыргызстан
4/4
Бир баштыгын 100 сомдон сатып алса болот
1/4
Өзү түшкө чейин "Ош" базарында эт сатып иштейт
2/4
Чакан цехтин үч жумушчусу бир күндө 20 килограммдай пельмен жасашат
3/4
Кадимки үйдүкүндөй баарын колго түйүп чыгышат
4/4
Бир баштыгын 100 сомдон сатып алса болот

"Үйүм жакын эле, кирип чыгып иштей берем. Жумуш түштөн кийин башталат, келиндер менен сүйлөшүп жатып, пельменди тез эле түйүп коебуз. Бир чети алаксып, бир жагынан акча таап, айтор, үйдө отургандарга жакшы эле иш экен", — деди Акматова.

Зиядаттын негизги максаттарынын бири — пельмен цехин кеңейтип, майып балдары менен үйдө отурган энелерди да жумуш менен камсыз кылуу. Ал ошондой эле аз акча менен ар бир аял ишкерликти баштаса болорун кошумчалап кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0