Зуура Сыдыкова: "Манас" айтпасам, акыл-эсим айнып, ооруга чалдыкмак окшойм

© © SputnikМанасчи Зууракан Сыдыкова
Манасчи Зууракан Сыдыкова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурдун жалгыз аял манасчысы Зууракан Сыдыкова тууралуу көпчүлүк биле бербесе керек. Бүгүн биз окурмандарга аны менен болгон маекти сунуштайбыз.

Ал азыр Каракол шаарында жашап, №5 мектепте математика мугалими болуп эмгектенип келет.

— Айтсаңыз, аялдардан чыккан манасчы десе, кай бир адамдар бул жаттама эмеспи деген дагы күдүк ойдо болушу мүмкүн. Манас дүйнөсүнө качан, кандайча аралашып калдыңыз?

Учурдун 9 мыкты манасчысы - Sputnik Кыргызстан
Темир канат: учурдун 9 мыкты манасчысы
— 1971-жылы Каракол шаарындагы педагогикалык институтту окуп бүтүрүп жаткам. Ошол жылы Саякбай Каралаев каза болгон эле. Жатаканада беш кыз бир бөлмөдө жатчубуз. Бир күнү мен кыйналып, аларды түнү менен уктатпай чыгыпмын. Көрсө, аян берүү ошондо башталыптыр. Аны мен кайдан билейин, оозума куюлуп ырлар келе берчү. Талаага барып ырдап бугумду чыгарган күндөр болду. Институтту бүткөнүмдөн кийин Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылына мугалим кылып жиберди. Бир жылча иштеп, анан Көк-Мойнок айылына которулуп, ошол жерден кыйналуум күчөдү. Бир жолу Талды-Суудан Көк-Мойнокко келе жатып, ыр айткым келди, ички дүйнөм түрткөн сыяктуу толкуп ырдай бердим. Автобустагы элге карабай ырдадым. Жолдошум экөөбүз болчубуз. Үйгө келгенден кийин ал мага абдан таң калды.

— Ал ырлар эмне жөнүндө эле?

— Эстегениме караганда, жаратылыш, гүлдөр, чөптөр тууралуу болчу. Түнкүсүн уктай албайм, төрт жыл кыйналдым. Өзүмчө ойлонуп, акылымдан адаштымбы дейм түйшөлүп. Бир күнү эртең менен алгебра сабагынан жүрөгүм лакылдап, көзүм караңгылай баштады. Окуучуларга жүрөгүм ооруп жатат деп койдум. Отургучка отурдум, чекем шак этип партага тийди. Кулагыма аттардын дүбүртү угулуп, анан көзүмө жылкылардын үйүрү көрүндү. Чекелерине жоолук байлаган, кармаганы укурук, укуруктун башында чалма чалып алган жигиттер топ жылкыны айдап келе жатат. Мектеп жок эле ээн талаа болуп калды. "Уу-уу" деп ызы-чуу болуп дүбүрттөп өтүп кетти.

— Бул өнөрдүн ажайыбы менен азабы да кошо болот эмеспи?

Дастанчи Омурзак Кайыпов - Sputnik Кыргызстан
Кайыпов: айтыш жолго түштү, Манас ЮНЕСКОго кирди, дастанчылык четте ыйлап турат
— Бир жолу өзүмөн кийинки иним Касмакун кыздуу болуп той берип жаткан эле. Эт чыгарабыз деп жатканда бирөө кулагыма шыбырап "чык, эшикке, чык" деп, "бол, батыраак" деп шаштырып жатат. Мен бут кийимге жетише албай, байпакчан эшикке чыктым. Очоктун жанына барсам, жеңем сорпо сапырып жатыптыр. Сорпо ичесиңби деген суроого "жок" деп айтканга үлгүрдүм да, тарс жыгылдым. Денем муздап, өлүп калгандай болупмун. Эми бул атамдын айтуусу. Эч нерсе эсимде жок. Ошол кезде мага бир кылка тизилген ак боз үй, сол жагында кара боз үйлөр көрүндү. Аппак өргөнү эки жигит кайтарып турат. Бир кезде чоң атам Сыдык пайда болуп, "жүрү, жолуңду ачайын" деп ээрчитип алды. Өргөөгө барсак, эки жигит найзасын кайчылаштырып, атам бир нерсени айтканда гана кое берди. Боз үйгө киргенде атам жүгүнүп эле жатты, боз үйдөгүлөрдүн баарына жүгүндү. Сыдык чоң атамды мен эмес, атам Акимхан жакшы эстебей калган. Алты жашында атадан калган экен. Чоң атам: "Бул — небере кызым. Ушул кызым Манас айтсынчы, уруксат бергиле" деди. Айкөл Манас төрдө жамбаштап жаткан экен. Бакай, Чубак, Сыргак, Алмамбет баары олтурат. Чоң атам "бул кызым оорулуу, айта алабы, айта албайбы, көргүлө" дегендей болду. Ошондо Манас бабабыз "кызың оорубайт, айтат, айт" деди. Көрсө, ошол кезде атам чекеме суулап чүпүрөк коюп, айт деп жаткан экен. Анан "эки жакта эки тоо, ортосунда эки жоо, бири кара, бири ак…" деп баштадым.

— Аял манасчылардын тагдыры татаал болгон эмеспи, семетейчи Сейдене, Сейде Дейди кызы да жашоосунда көп кыйналган дейт. Сиздин турмушуңуз кандай болду?

— Тагдырым татаал болду десем ашыкча деле кетпейм го. Күйөөм ала качып алды. Өзү жакшы эле үй бүлөнүн баласы өңдөнгөн, бирок аракка берилип, жинди сууну таштабай, тынчтык бербей койду. "Манас" айтканымды шылдыңдап жүрдү. Мен да жинди болгон экенмин деп өзүмдөн-өзүм чочудум. Төрт жыл чайналып жүрүп, бир балалуу болгондон соң ажырашууга туура келди.

— Туугандарыңыз, коомчулук кандай кабыл алды?

Китептен тартылган Манас баатырдын иллюстрациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Манас бабам менен баарлашканда
— Ичимдеги сырды эч кимге айткан эмесмин. Өзүм эле кыйналып жүрдүм. Түшүмө чоң калпак кийген аксакалдар, ортодо булоолонгон эт көрүнчү. "Көргөнүңдү айт" деген үндөр угулуп, а мен эмнени айтам деп кыйналчумун. Аска-зоодон учуп өткөн аттарды көрдүм. Бир жолу сары мадыл тоонун бир бетинен бир бетине аттап өттү. Совет учурунда өздүк көркөм чыгармачылык менен ар кандай фестиваль, кароолорго катыштым. Ошондо мен өзүм айтам деген теманы айтпай, башканы айтып алган күндөр көп болду. Азыр деле ошондой учурлар болот. Кээде отуруп, жолумду чоң атам ачпаса, балким мага берилген кутту көтөрө албай, психикалык жактан оорулуу болуп калмакмынбы деп да ойлоп кетем. Себеби ошол учурда мени түшүнүп кеткен деле эч ким болгон жок. "Манасты аял айтпайт" дегендер да көп болду. Азыр бирге өмүр сүрүп жаткан жолдошум Садырбектин мени туура түшүнгөнүнө ырахмат.

— Сизди Манас ааламы кандайча тандап алды деп ойлойсуз?

— Өзүм да ушуну көп ойлодум. Атам чоң комузчу эле. Анын бир канча күүлөрү кыргыз радиосунун алтын казынасында жазылып калган. Энем ооз комуз какчу. Чоң энем, өз энем да кол өнөрчү эле, жаны тынчу эмес. Союз убагында өздүк көркөм чыгармачылык деген бар болчу. Атам, агам комуз чертет, мен "Манас" айтам, үчөөбүз конкурстарга катышып, байгелүү орундарга татып жүрдүк. Мени Манас дүйнөсү кандай тандаганын билбейм, балким, мага ишенгендир. Негизи мүнөзүм абдан катуу. Менден улуу эки агам, аркамда эки иним бар, төрт эркектин арасында чоңойдум. Кыймыл-аракетим, жүргөн-турганым эркектей болчу. Апам көп балалуу болду. Жумуштан колум бошогон жок. Тамак жасоо, үйдү иретке келтирүү менин мойнумда эле, колго кир жууганды сураба. 

© © SputnikУчурдун жалгыз аял манасчысы Зууракан Сыдыкова: "Манасты аял айтпайт" дегендер да көп болду. Азыр бирге өмүр сүрүп жаткан жолдошум Садырбектин мени туура түшүнгөнүнө ырахмат.
Манасчи Зууракан Сыдыкова  - Sputnik Кыргызстан
Учурдун жалгыз аял манасчысы Зууракан Сыдыкова: "Манасты аял айтпайт" дегендер да көп болду. Азыр бирге өмүр сүрүп жаткан жолдошум Садырбектин мени туура түшүнгөнүнө ырахмат.

— Сагымбайдын, Саякбай манасчылардын варианттарын окудуңуз беле?

— Жок, окуган эмесмин. Ыр түрүндө жазылган чыгармаларды окугум келчү эмес. Ошол боюнча эле окуганым жок. Кийин Талантаалы Бакчиевдин китебин гана окудум.

— Улуу манасчылардын ичинен кимдер менен бирге "Манас" айтып калдыңыз?

— Шаабай Азизов, Каба Атабеков, Сапарбек Касманбетов, Асанкан Жуманалиев менен чогуу айтып жүрдүм. Алар мени такыр башкача айтат экенсиң дешчү. Мен алар айткан көп сөздөрдү түшүнбөйм, өзүм жөнөкөй тил менен айтам. Балким, мен математик болбой, кыргыз тилчи болсом, башкача айтат белем, ким билсин.

— Уркаш Мамбеталиев айылдашыңыз эле да. Андан акыл-кеңеш алган учур болдубу?

Манасчы Дөөлөт Сыдыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аян болбой, баян болбойт. Манасчы Дөөлөт Сыдыковду Айкөл ааламына аралаштырган өң-түш
— Жок, Уркаш Мамбеталиевге кезикпей калганыма азыр да өкүнөм. Балким, андан тарбия алганда башкача болмоктур. Мени ага жетелеп барган эч ким болгон жок. Бир жолу мени менен жолугайын деп келгенде атам каршы болуп, мага айтпай да коюптур. Балким, ошондо өзүмө жолукканда, мен аны ээрчип кетмекмин. Себеби, ошондо эмне кыларымды, жанымды кайда коерумду билбей делөөрүп жүргөн кез эле да.

— Манас — менин жашоомдун маңызы. Кыргыз болуп калганыма, мага "Манас" айтуу буюруп калганына, Кудай Таалам "Манасты" менин көкүрөгүмө салып бергенине сыймыктанам. Кээ бирөө аны жок деп жүрбөйбү, ал туура эмес. Манас бар үчүн улуу баян муундан-муунга, бизге жетип жатат. Кыргыз жоголмоюн Манас жашай берет. Аны Айтматов океанга салыштырганы бекер эмес. Себеби, улам бир манасчы чыгып, улам "Манас" айтуучулар жашарып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0