БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Учурда саламаттык сактоо тармагында адистер гана эмес, заманбап башкаруучу кадрлар дагы жетишпей жатканын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен жолукканда айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
"Бардыгы эскиче нукта иш алып барып, өзгөрүүлөрдү каалабайт. Ал эми калктын бийликке карата ишеними көбүнесе медициналык тейлөөнүн сапаты менен аныкталат", — деди өкмөт башчы.
Ошондой эле саламаттык сактоо тутумундагы аутсорсинг маселесин карап чыгуу зарыл экени белгиленди.
Ал эми жаңы министр күч-аракетин кадрдык агымды токтотуу максатында аймактардагы медициналык кызматкерлер үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоого, саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү үчүн чет элдик гранттарды жана инвестицияларды тартууга жумшай турганын айтты.