Салттык жүрүм-турум эрежелерине ылайык, ата-эне балдарын кандай тарбияган оң? Ошол эл учурда балдары ата-энесине эмнелерди жасабаш керек? Sputnik Кыргызстан агенттиги этнограф Динара Молдококулованын жардамы менен үй-бүлө ичиндеги таалим-тарбияга токтолду.
Балдардын көзүнчө жолдошуна катуу сүйлөбөйт. Аял күйөөсүн сыйлоо менен балдарын да атасына сый-урмат менен мамиле кылууга тарбиялаган. Ошондой эле үйдүн ээси жумуштан келгенче күтүп, тамакты чогуу-чаран ичишкен.
Балдар атасына акаарат кылбайт. Кыргыздарда "аталуу уул — кожолуу уул" деген макал бар. Анын айткандары балдарына мыйзам катары эсептелген. Атасынан каргыш уккан, анын назарына калган бала "жарыбайт, түбү түз болбойт" деп эсептелген.
Ата-эне кызын уруп жазалабайт. Башкалардын да мындай кылуусуна мүмкүндүк берген эмес. Эркек балдарын "кызды урсаң, колуң калтырап калат", "кыз үйдөгү конок" деп тарбиялашкан. Өзгөчө атасы кызын уруп, сөгүп же тилдөөсү салтта жок иш болгон. Антсе кызынын "ырысы кем болуп калат" дешкен. Мындан улам, кызын колдон келишинче аздектеп кийинтип, сөз тийгизбей, көз тийгизбей аздектеген.
Балдар бой жеткенде ата-энесин кароосуз калтырбайт. Кыргыз коомунда ата-энесин кордоо, карыганда карабай коюу өтө терс көрүнүш катары эсептелинип, "ата-энеге кандай мамиле кылсаң, өз балаңдан ошону көрөсүң", "ата-эненин кадырын балалуу болгондо билесиң" деп айтылган.
Ата-эне карыганда турмушка чыккан кызынын колунда турбайт. Мындайга чанда, тактап айтканда эркек баласы жок учурда гана барышкан. Кыргызда буга байланыштуу "кыздын төрүнө олтурганча, уулдун улагасында бол" деген макал бар. Адатта ата-эне кичүү баласы менен жашап калат.
Ата-эне көзүнчө уул-келини баласын эзилип эркелетпейт, урбайт. Ата-энесинин көзүнчө уул-келини балдарын эркелетип, жалынып, ал тургай бетинен өпкөн эмес. Бул да болсо үй-бүлөлүк тарбиянын бири болуп саналат. Ошондой эле тилдеп, уруп, доошун бийик көтөргөн эмес.