Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Юрий Кавер / Медиабанкка өтүүАсан-үсөн. Архив
Асан-үсөн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Ишемби күнү айрым жерлерде жамгыр жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Апта аягында күн жылып, Чүй менен Таласта 20…25, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 21…26, Ысык-Көл, Нарында 15…17 градус болушу күтүлүүдө.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, 22…24 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0