БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. АКШ киргизген жаңы санкциялардан улам россиялык бизнесмендер бир күндө 15 миллиард доллардан ашык каражатынан кол жууду. Ал эми санкция киргизилгенден бери россиялык ишкерлер 17 миллиарддан ашык акчасын жоготконун РИА Новости агенттиги билдирди.
BBI рейтингине дүйнөдөгү эң бай 500 киши киргизилген, алардын кирешеси Нью-Йорктогу соода биржасы жабылган сайын жаңыланып турат. Бул тизмеде учурда 25 россиялык бар. Дүйшөмбүгө алынган маалымат боюнча алардын 24түнүн кирешеси азайса, бирөө гана кирешесин арттыра алган.
Эң көп "Норникель" компаниясынын президенти Владимир Пота чыгымга учураган. Анын байлыгы 2,28 миллиард долларга азайган. Ал эми "Ренова" компаниясынын ээси Виктор Вексельберг 1,28 миллиард долларынан кол жууган. Андан сырткары, "Лукойлдун" башчысы Вагит Алекперов 1,37 миллиард долларын жоготкон.
НЛМК компаниясынын негизги ээси Владимир Лисин дагы 1,31 миллиард долларынан ажыраган. "Новатэка" жана "Сибура" компанияларынын орток ээси Леонид Михельсон 10,03 миллиард долларынан кол жууган.
Андан сырткары, каражатын жоготкон ишкерлердин тизмеси төмөнкүдөй:
- Алексей Мордашов, "Северсталь" — 987 миллион доллар;
- Геннадий Тимченко — 1,15 миллиард доллар;
- Михаил Прохоров — 95,7 миллион доллар;
- Алишер Усманов — 255 миллион доллар;
- Михаил Фридман — 445 миллион доллар.
АКШ жума күнү россиялык аткаминерлер менен бир катар ишкерлерге жана алардын компанияларына карата санкция киргизген.
Бул ирет АКШ Россиянын Крым, Украина, Сирия жана киберчабуул боюнча аракеттеринен улам чектөө киргизген. Жаңы санкциядан улам тизмеге 38 россиялык кошулган. Алардын катарында ишкерлер, аткаминерлер жана компаниялар бар. Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, ишкер Олег Дерипаска, Сулейман Керимов, Кирилл Шамалов, "Газпромдун" башчысы Алексей Миллер дагы бар.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги АКШны иллюзиядан арылууга кеңеш берип, катуу жооп кайтарды. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков киргизилген чектөөлөрдү мыйзам жагынан алып караганда кыжырды кайнаткан аракет деп атады. Андан сырткары, бул абал боюнча тыкыр анализ керектигин белгиледи.