Түшүнүктүү себептерден улам маектешибиздин аты-жөнүн ачыктаган жокпуз.
— Укук коргоо органдарына кантип орношконуңузду айтып берсеңиз?
— Бала кезимден милиционер болууну кыялданчумун. Кылмышкерлерди кармап, мыйзам бузгандардын изин кууган тартип сакчылары туурасындагы укмуш сериалдар эсиңиздеби? Так ошолордой болгум келчү… Политехтен инженердик адистигин алып чыктым. Биздин окуу жайда аскер кафедрасы жок болчу, андыктан армияга бардым. Антпесем, милицияга алышмак эмес.
— Сиз акчаны кимге бердиңиз?
— Тууганы ИИМдин Жол кайгуул кызматында иштеген таанышыма бергем. Колдон колго карматуу дайым кооптуу. Пара берип жатканда кармалып калуу толук мүмкүн, мага окшогон кайдагы бир бала үчүн тобокелге баруунун ага эмне кереги бар. Акчаны ата-энемден алдым, агезде акчам жок болчу.
Албетте Жол кайгуул кызматына таза жол менен ишке кирүүгө болмок, бирок Нарындын кайсы бир бурчуна барып иштегим келген жок. Кызматтык тепкичке мындай көтөрүлүү жеңил экендигин ачык эле билдиришкен.
Күтүп жаттым. Бир жума, бир ай, экинчи айга кетти… Ошентип араң жарым жыл дегенде жумушка чакырышты. 2013-жыл. Бир жумага созулган сыноо убагында тек гана кесиптештер менен таанышып, анан да көйгөйгө кабылбашымды түшүндүрүштү. Бирок биринчи эле күнү мени басмырлай башташты, милиция кызматкерлеринин бири мени киши катары көрбөй, орой сүйлөп, бир нерсе талап кыла берди…
— Кесиптештериңиздин көбү ушундай мамиле жасаштыбы?
— Иштен кетип калышыңызга эмне түрткү болду?
— Кызматкерлер арасындагы мамиле мени аябай кыжырдантты. Абдан сыпайы, тек гана өз милдеттерин аткарган тарбиялуу кызматкерлер тууралуу айтканым жок. Башкалардын эсебинен өз ордун бекемдөөнү туура деп санагандар бар. Дагы бир нерсе — кесиптештердин пара алганы кыжырымды кайнатты.
— Шаарга алгач кайгуул күзөткө чыкканыңыздан баян этсеңиз.
— Жарандардын документтерин көрсөтүүнү өтүнгөн милиционерлердин артынан калбай эле жүрдүм. Кесиптештер кээде сылык мамиле жасашат, бирок алардын оройлугу көп болду. Иш убагында тааныштарды да кезиктирдим, Кайгуул күзөт кызматында иштей баштаганыма айран таң калып, жактырбай карап, кимге канча бергенимди, канча айлык аларымды сурап жатышты… Катуу уялдым.
Ошол күнү тартип сакчылары кайгуулда 12 сааттан ашык турушту. Алардын көпчүлүгү 15 мүнөткө да ордунан жылууга акысы жок болчу. Жолдордун жабылышынан улам шаардын көчөлөрүндө тыгын, эл кыжыры кайнап, жинин милиционерлерден чыгарып турган… Ошентип ал органдагы менин акыркы күнүм болуп калды.
— Ата-энеңиз муну кандай кабылдады?
— Капа болушту, албетте. Атам менин форма кийишимди тилек кылчу… Бирок бул система мени бузуп бүтөрүн түшүнүп, моюн сунду. Талаага чачылган акчага, албетте, ич ачышат, бирок кетип калганыма өкүнбөйм. Балким, качандыр бир кезде кайра иштегим келер, бирок азыркыдай иш жүргүзгөн тутумга кайтпайм. Укук коргоо органдарында иштеген адамдарды аяйм. Менимче, алардын көпчүлүгүндө адамгерчилик калбай калган.