БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кечээ, 28-март күнү, өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаев жолугушту. Бул тууралуу маалыматты өлкө башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
Анын айтымында, Жээнбеков президеттик кызматка келгенден бери экс-өлкө башчысы менен бир нече жолу кезиккен.
Жолугушуу маалында алардын эмне тууралуу сөз кылганы айтылган жок.
Баса, буга чейин Социал-демократтар партиясынын (КСДП) съезди ушул жылдын 31-март күнү өтө турганы белгилүү болгон. Анда Атамбаевди партия лидери кылып шайлоо маселеси каралары айтылган.