Өз жеримде өлгүм келет. Мекенине келип кор болгон качкын президенттин тагдыры

© Фото / Tazar cinemaРежиссер Темир Бирназаровдун "Кош келиңиз, президент мырза" тасмасынан кадр
Режиссер Темир Бирназаровдун Кош келиңиз, президент мырза тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасма трагикомедия жанрында тартылыптыр. Жүрөгүңдү өйүп турган көйгөйлөрдү көзгө сайып, шылдыңдоо менен көрсөткөндө башты чайкап, күлүп жаттык. "Кайсы арыңа күлөсүң?!" деген киши жок.

Бүгүн "Манас" кинотеатрында режиссер Темир Бирназаровдун "Кош келиңиз, президент мырза" аттуу тасмасынын бет ачары болуп өттү. Иш-чарага кинонун дөө-шаалары баштаган бир нече маданият кызматкерлери катышты. Жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлү катары мен дагы барып келдим. Мен кино сынчы эмесмин, жөн гана көрөрман катары тасма тууралуу ой бөлүшкүм келди. Дегеним муну рецензия деп түшүнүп албаңыздар.

© Фото / Tazar cinemaТасманы даярдоого жалпы жонунан беш жыл убакыт кеткен. Башкы ролду Нарын театрынын актеру Токтосун Арзыгулов аткарган
Фильм режиссера Темира Бирназарова Кош келиңиз, президент мырза - Sputnik Кыргызстан
Тасманы даярдоого жалпы жонунан беш жыл убакыт кеткен. Башкы ролду Нарын театрынын актеру Токтосун Арзыгулов аткарган

Тасмада туулган жеринин бир уч топурагына зар болуп чет мамлекеттен келе албай жүргөн Кыргызстандын президентинин тагдыры баяндалат. Экс-президенттин ролун Нарын театрынын актеру Токтосун Арзыгулов аткарган.

Качкын президент "башканы кой, жок дегенде өлсөм сөөгүм өзүмдүн мекенимде көмүлсүн" деп эңсейт. Аны эл бир нече жыл мурда тактан кулатып өлкөдөн кууп чыккан. Анткени анын баарын өзү билип калган аялы, балдары кара жаны үчүн гана иштеп, карапайым калктын жашоо-турмушу оорлогондон оорлой берген. Мунун аягы элдик төңкөрүш менен аяктап, хандын үй-бүлөсү качып чыгып чет өлкөдөн баш калкалоого мажбур болот. Бирок бөтөн журттан жаны жай албаган президент туулган жерине кайтуунун амалын таап, пластикалык операция жасатып келет. Тасманын алгачкы мүнөтү дал ушул жерден башталат.

© Фото / Tazar cinemaБөтөн журттан жаны жай албаган президент туулган жерине кайтуунун амалын таап, пластикалык операция жасатып келет
Фильм режиссера Темира Бирназарова Кош келиңиз, президент мырза - Sputnik Кыргызстан
Бөтөн журттан жаны жай албаган президент туулган жерине кайтуунун амалын таап, пластикалык операция жасатып келет

Албетте аны Бишкекте таксисттерден башка эч ким кучак жайып тосуп албайт. Эгер өңүн өзгөртпөй келгенде башка тагдыр күтмөк беле… Жөө басып элдин кулк-мүнөзү, жашоо-турмушун жон териси менен сезет. Жакырчылыкта калганына кейип бийликти каргап-шилеп, сөккөндөргө да күбө болот. Айылына алып бара жаткан таксист менен болгон чакан маеги эле ал мамлекетти кандай башкарганын айгенелеп койду. Сөз баштап агасы дүйнө салганда топурак сала албай калганына кейисе, таксист таң калбай туруп ал жалгыз агасы кайда көмүлгөнүн билбей турганын айтат.

Кыргызстандын желегин кармаган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеменин түбүн тешпе, бир боорум. Мекен менен соодалашпа!
"Ата-энем бала чагыбызда жол кырсыгынан көз жумган. Агам экөөбүз жетим балдар үйүндө калдык. Бирок Союз тарагандан кийин мамлекет бизди кароосуз калтырганда, директор акыркы торпогун сатып бизди "Ош" базарга алып келип "ушул жерден эптеп жан баккыла" деп таштап кеткен. Кийин агам иштегени Сибирге кетип, дарак басып мерт болуптур. Аны ошол жерге эле көөмп коюшкан дейт. Мени жана 10дой баланы кошуп бир "чоң курсак" байке Пакистанга сатып жиберген. Алар бизди согушка даярдап Сирияга айдады. Ал жактан башыман жаракат алып ооруканага жатканда эптеп качып келгем. Азыр ошол "чоң курсак" Жогорку Кеңеште депутат болуп жүрөт. Ушул ченеми жок ичип-жеген чиновниктерди карап акыр заман келгенине ишенип кетем" деп баштан өткөн окуяларын айтып берген.

Андан соң шаардан талкаланган интеллигенцияга кезигип калат. Алар мурда спорт боюнча чемпион, офицер, мугалим, дарыгер болгон селсаяктар. Мени таасирленткен жери өзүнүн үй-бүлөсү өз башына балээ болгонун моюндаганы болду. Селсаяктардын "кийин президент болсоңуз эң биринчи кадамды эмнеден баштамаксыз?" деген суроосуна "алгач аялым менен ажырашам, балдарымды айылга жөнөтүп мал, кой кайтартам, сатылып кеткен жерлерди артка кайтармакмын" дейт. Аттиң, ушунун баарын эртерээк түшүнсө эмне…

© Фото / Tazar cinemaЭкс-периздент кайда барбасын жакшылык көрбөйт. Таксиге отруса капчыгын карактап, селсаяктарга кезиксе шым, байпагына чейин чечип кетип, милицияга барса жиндиканага айдап, жада калса сууга чөгөйүн десе көл да кабыл албай коёт
Фильм режиссера Темира Бирназарова Кош келиңиз, президент мырза - Sputnik Кыргызстан
Экс-периздент кайда барбасын жакшылык көрбөйт. Таксиге отруса капчыгын карактап, селсаяктарга кезиксе шым, байпагына чейин чечип кетип, милицияга барса жиндиканага айдап, жада калса сууга чөгөйүн десе көл да кабыл албай коёт

Эгемендүү Кыргызстандын туңгуч президенти, коомдук жана саясий ишмер, окумуштуу, илимпоз Аскар Акаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Илимди саясатка алмаштырып өкүттө калган Аскар Акаев тууралуу 9 факты
Байкуш киши кайда барбасын жакшылык көрбөйт. Колуң менен жасаганды мойнуң менен тарт дегени го… Таксиге отруса капчыгын карактап, селсаяктарга кезиксе шым, байпагына чейин чечип кетип, милицияга барса жиндиканага айдап, жада калса сууга чөгөйүн десе көл да кабыл албай коёт. Бирок ушул жерде аны бирөө куткарып чиновниктерин жан баккан жайына алып кетет. Калган тагдыры эмне болорун экрандан көрүүнү сунуштайм.

Режиссер бул эмгекти беш жыл мурда баштаган экен. Улам жаңы идеяларды кошуп жатып сценарийи эки жыл жазылыптыр. Тасманы даярдоого жалпы жонунан беш жыл убакыт кеткен. Бул бир көрүп гана эмоциясын чыгарып алчу тасма болбогондуктан, андагы кадрлар, ирмемдер, диалогдор көрөрманды көпкө ойлондура турганы анык болуп калды. Режиссер эми катуу сындарга жана башка нерселерге даяр турушу керек го…

Жаңылыктар түрмөгү
0