БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын батыш тарабында беш күнгө газ өчүрүлө турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасынан маалымат кызматынан билдиришти.
Бишкектиктер 26-30-март күндөрү көгүлтүр отсуз калуусуна оңдоо иштери себеп болууда.
Газ Мурманск, Алыкулов, Кустанай көчөлөрү менен Ден Сяопин проспектисинин ортосунда жана "БСМ" буу казанында болбойт.