БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында дзюдо боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чемпионат 23-25-март күндөрү "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда болмокчу.
Мелдеште өлкө аймагынан чогулган балдар сегиз, кыздар алты салмак категориясы боюнча күч сынашат.