Жогорку Кеңештин котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн мурдагы эксперти, Лингвистикалык эскпертиза бөлүмүн мурдагы жетекчиси, Кыргызстандагы синхрондук котормонун баштоочуларынын бири Жумагүл Карагулованы Sputnik Кыргызстан кепке тартты.
— Жумагүл айым, мындан 23 жыл мурда синхрондук котормочулукка кантип келип калганыңыз бизге кызык болуп жатат. Жогорку Кеңеш шайлангандан тарта үзгүлтүксүз иштеп келе жатканыңызды билебиз.
Парламентке биринчи ирет келгеним эсимде… Терезечеси бар алакандай кабинага алып киришти. Ал кезде синхрон дегенден түшүнүк да жок болчу. Жыйын болуп жатыптыр, которуп баштадым. Депутаттар сүйлөйт, алгач ээрчип, бара-бара тең которуп баштайсың деди. Процедуралык маселелер каралып жатыптыр, оңой иштей көрүндү.
"Саламатсыңарбы" деди, аны котордум, "ишибизди баштайлы" деди эле, аны орусчаладым. Карасам, кичине окшошуп баратат. Жанымдагы кошо сынап келген жетекчилер дым чыгарбай угуп турушат. Биринчи мүнөттөн тартып эле образга кирүү зарылдыгын дароо түшүндүм. Көрсө, өзүңдү унутуп, толугу менен ошол жакка өтүш керек экен. 1995-жылдан тарта синхрондук котормодомун. Жогорку Кеңештин I-чакырылышынан тартып VI чакырылышына чейин иштедим.
— Ар бир депутаттын кыялын, кулк-мүнөзүн билип калсаңыз керек?
— Ооба, ар бир депутаттын лексиконун өздөштүрөсүң. Бир-эки жылдан кийин бүт жесттерин, мимикасын, ал тургай үнүнүн интонациясын билип каласың. Эгерде депутаттын сөзүн грамматика боюнча алып кетем десең, анда эле иштин бүткөнү, туура которо албай каласың. Синхрончунун негизги максаты — сүйлөп жаткан сөздүн маанисин, эмоциясын бериш керек. Депутаттын эң эле биринчи максаты элди ишендириш керек да. Эмоциясыз сөз толук берки тарапка жетпей калат. Андыктан, образга киргенге туура келет. Ал столду бир койсо, кошо бир койгон болосуң, ордунан тура калса, кошо тура каласың, сөгүнсө кошо сөгүнгөн учурлар болгон… Тажрыйба боюнча айтсам, менден көп мыйзам тилин уккан киши болгон жок. Ар бир депутат сүйлөйт, анын сөзү менин мээмден, жүрөгүмдөн өтөт да.
— Макалды көп колдонгон, чечен Кубанычбек Идинов, Дооронбек Садырбаев сыяктуу депутаттар болгон эмеспи. Алардын бири макал-лакапты көп колдонгон, сөзмөр, эмоционалдуу болсо, Дооронбек Садырбаевич артист эле. Ал киши сүйлөп жатып, эмоцияга берилген, ыйлап жиберген учурлар болгон. Ошонун баарын эске алуу маанилүү эле. Мен да образга кирчүмүн. Сүйлөп жатканына ыңгайлашчумун.
— Ар бир депутат сиздердин "бутага" алынат турбайбы?
— Ар бир чакырылыш келген сайын депутаттардын сүйлөө маданиятын, лексиконун иликтеп чыгууга туура келет. Кыргызча таза сүйлөй алабы, же аралаштырып жибереби, ушундай учурларды карайбыз.
Баары эле оратор болуп келбейт да. Жарым жылга чукул көбү микрофондон сүрдөйт. Ошонун баары сыртынан байкап, манераларын үйрөнүп отурабыз. Бизди депутаттардын өздөрү эле эмес, журналисттер, чет элдик коноктор, сессияга чакырылгандардын баары угат да. Албетте, редакциялоо мүмкүнчүлүк жок, бирок аракет кылабыз, бирок өзүнүн деңгээлинде сүйлөп, эмнени айтууга аракет кылгандыгын берүүгө аракеттенебиз.
— Жашыруун эмес, кагазга жазып алып, анысын араң окугандар деле болгон. Ошондон улам бир суроо… Кагазын алып келип, сиз менен иштешкен депутаттар барбы?
— Маркум Дооронбек Садырбаев оратор катары сүйлөгөндө, сөзүн даярдап, угуучуларга да, котормого да дыкаттык менен мамиле кылчу. Депутаттардын ичинен жалгыз гана ошол адам тексттин орусчасын жана кыргызчасын алдын ала берип койчу. Себеби, макал-лакаптарды, фразеологизмдерди, метафораларды көп колдончу. Менин сөзүмдү кыргыздар эле эмес, кыргызстандыктардын баары уксун дечү. Кийин андай депутат болгон жок.
— Парламентте эл өкүлдөрү эмоцияга берилип, кээде бири-бирине жулунуп, чокчоңдошо кеткен учурлар болгон. Анда эмне кыласыз?
— Кээде ыйлап?..
— Болот андай учурлар. Өзгөчө Аксы окуясы эсимде… депутаттар барып келгендей кийин Асел Мамбеталиева, Алевтина Проненколор ыйлашкан. Андайда кошо ыйлайсың.
Бакиев убагында эки Конституция кабыл алынганда кандай чыңалуу жаралганы көптөрдүн эсинде болсо керек. Столдон микрофонду жулуп алып, бири-биринин башын жарууга даяр болгон учурлар болгон. Ошолордун баарына аралашып жашайсың.
…Бир окуя эсимде. 2005-жылы революция болбодубу. Мурдагы чакырылыш менен кийинки чакырылыштын депутаттары бир креслону талашып калды. Баары үрпөйгөн, саясий чыңалуу чарт жарылып кетчүдөй. Түнкү саат 1лер болчу. Үйдөн чакыртып келишти. Баары талкаланган, таланган. Анда азыркы парламент өкмөт отурган имаратта эле. Ошонун баары кишиге таасирин сөзсүз берет. Калчылдасаң да, оюңду топтогонго кадимкидей аракет кыласың. Андай учурда иштөө да кыйын. Өлкөдөгү тынч жашоодо иштеп жаткан учур менен дестабилизация болгон, кымгуут абалды салыштырып көрсөңүз…
— Азыркы чакырылыштагы депутаттардын ичинен кимди которуу кыйын?
— Азыр биздин котормочуларды кыйнаган депутат Рыскелди Момбеков. Ал киши абдан куюлуштуруп, речинин темпи да тез. Андыктан анын артынан үлгүрүү өтө кыйын. Макал-лакапты да көп колдонот. Төкмө сыяктуу сүйлөйт.
— Азыр парламентте сиздерге түзүлгөн шарт кандай?
— 23 жыл иштедим, таарыныч деле эмес, бирок жетекчиликтин көңүлү котормочуларга бурула элек. Түзүп берген шарт абдан начар. Кабинеттин ичиндеги кабинада отурабыз, ал жерде же аба жок, же күндүн нуру тийбейт. Саат сегизде кирип, кечки алтыда чыгабыз… Бул маселени бир нече ирет көтөрдүм, менден кийин деле жаштар келет, аларга деле ден соолук керек да… Аракеттер болду, бирок калды ошол бойдон…
Синхрондук котормо маселесин парламенттин эле эмес, республиканын деңгээлинде көтөрүш керек го деген ойго кеттим. Бош учурумда, иштен тышкары эл аралык деңгээлдеги жыйындарга чакырып калышат. Байкасам, жалган котормочулар көбөйө баштаптыр. Англис тилин жакшы билгени менен кыргызча билишпейт. Иш-чарага катышууга айылдан келгендерди чакырганда кыргызчага которо турган котормочу керек болот. Ошол келгендерди сыйлабастык кылышат. Ушундай бир тантыйт! Кыргызча билбеген, шаарда өскөн баланын кыргызчага которуп жатканын элестетип көрсөңүз. Биринчиден, ушуга көңүл буруш керек. Синхрондук котормочулардын уюмун, ассоциациясын түптөп, этикалык бир кодексин иштеп чыгуу керек го. Себеби тил бузулуп жатат. 2-3 жолу өзүм угуп, "уят эмеспи, акча үчүн ушундай нерсеге барасыңарбы" деп кызыл чеке да болуп кеткем.
— Акыркы маалымат боюнча иш ордуңузду которуптурсуз?
— Ооба, ротация боюнча президенттин жана өкмөттүн Иш башкармалыгына жазуу жана синхрондук котормочу катары келдим. Жогорку Кеңештен кетүү мага оңой-олтоң болгон жок, өмүрүмдүн жакшы жылдарын арнадым эле… Мени жаңы жетекчилик тарабынан менин көп жылдык тажрыйбам бааланып жаткандыгы абдан кубандырат. Өкүнгөнүм, Жогорку Кеңеште жаңы бөлүм ачтырып, анда мыйзамдын кыргызча тилинин көптөгөн көйгөлөрү чечилбей калгандыгы. Ал маселелер менен эч кимдин эч кандай иши жок сыяктуу…
Дагы бир нерсени айткым келет, артымда өзүм он жылдан ашык даярдаган Кундуз Айткулуева, Айдай Белекова, Кыял Мамбетова деген синхрондук котормочулар калды. Алардын кесипкөйлүгү менден да ашат, келечекте Кыргызстандагы синхрондук котормонун чеберчилигин алдыга жылдырат деп ишенем.