БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар 8-март майрамына карата төрт күн катары менен эс алмай болду. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.
Билдирмеге караганда, 3-марттагы дем алыш күнү 9-март иш күнүнө которулат.
"Ага ылайык, өлкө жарандары 8-9-10-11-март күндөрү эс алышат", — деп айтылат маалыматта.
Тийиштүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.