8-мартта аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин маалыматы

Жазылуу
Майрам алдында өлкө аймагында күндүн температурасы ысып, 18 градуска жетери айтылды

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. 8-мартта айрым жерлерде жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Бул туурасында Кыргызгидрометтен Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлашты.

Синоптиктердин маалыматы боюнча 6-мартта Кыргызстандын кээ бир аймактарында күн 18 градуска чейин ысыса, кийинки эки күн сууктап, аба ырайы бузулары кабарланды.

"7-8-мартта айрым жерлерде жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт", — деп айтылат Кыргызгидрометтин билдирүүсүндө.

Кыргызстанда март айында гана эмес, апрель айында дагы кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин метеорологиялык бөлүмүнүн башчысы Махбуба Касымова Sputnik Кыргызстан агенттигине 

Жаңылыктар түрмөгү
0