Кечээ кесиптештер ашканада отуруп сүйлөшүп калдык. Быйыл үйлөнө турган, анан да өзүнө "жакшы кыз" издеп жаткан балдар көп экен. "Үйлөнүш керек бирок жакшы кыз таппай жатам" деп бирөө айтса, экинчиси "мага да жакшы кыз таап бергилечи" деп калды. Минтип бир гана мырзалар айтпайт турмушка чыга элек бой жетип калган кыздардан да "качан турмушка чыгасың?" деп сурасаң "жакшы бала жок, же жакшы бала менен тааныша элекмин" дешет. Ошондо балдардын "жакшы кызы" менен кыздардын "жакшы баласы" кандай болушу керек? Жайнап жүргөн кыздар менен балдардын арасынан жакшылары калбай калганбы деп да таң калып кетесиң. Эми бойдок кесиптеш мырзалардын "жакшы кызын" үйлөнгөндө көрөрбүз…
Кыздардын кээ бири "жакшы" деп Сарыгул Чекировго окшогон спорттун чеберлерин эсептешет. Ал Мелис Турганбаев, Темир Сариевге окшогон балбандарды таптаган.
Айрымдары Ахмед Мамановго окшогон мугалим мырзаларды жактырышат. Айтор, ар кимдин табити ар кандай эмеспи. Ал эми мырзалар кандай кыздарды "жакшы" деп эсептешет, айтуу кыйын.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун балдары да мыкты экен, кичинекей эле болбосо.
Мектептер үчүн жакшы жаңылык. Сентябрдан тарта Кыргызстандагы мектептер беш күндүк окууга өтөт. Бирок баары эмес экен.
Мэриянын "мектептердин жанында киши өзү жандырып өтө турган 24 жол чырак пайда болот" деген жаңылыгы да жүрөк жылытты.
Бүгүн Бишкекте күн ачык болот.
Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.82 (сатып алуу) жана 68.11 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.40 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, ал эми дизель майы 42.00 сомдон сатылууда.
Соңку сөз. Татыктуу түгөйлөргө жолуккула!
Жаз алдында баарыңарга сүйүү каалап, Таалайгүл Усенбаева.