Жыл сайын 15-февралда рак менен ооруган балдардын күнү белгиленип келет. Башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда балдар онкологиясы боюнча көйгөй абдан курч болуп турган кези. Анткен менен ооруп калгандарды дарылап, айыктырган учурлар бар. Буга көп эмгек, күч-кайрат керектелет.
Маалымат жыйында ракты жеңген балдардын баянын айтып беришет, мамлекет менен коомдук кайрымдуулук фондуларынын буга жумшап жаткан эмгектери боюнча кеп болот.
ТОЙМАТОВ Саматбек Шакиевич — Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
АЛЯЕВА Динара Умарджановна — "Помогать легко" коомдук фондусунун аткаруучу директору;
ТЫНАЛИЕВА Калбүбү Алтымышевна — рактан айыккан баланын чоң энеси;
ТИМОФЕЕВА Ольга Ивановна — рактан айыккан баланын чоң энеси.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борбору: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).
Катталуу телефондору: +996 312 98-69-38; +996 312 98-69-44. Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болуучу жыйындардын анонсу боюнча маалыматтарды алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине кат жиберсеңиз болот.