Күчүктү сактайм деп өзү чөгүп кеткен маркумдун жубайы: сөөктү бир күн издедик

© Sputnik / Исмаил МамытовВдова Айзат Маматалиева
Вдова Айзат Маматалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан эки жыл мурун Мухтар Садиев аттуу жаран Чоң Чүй каналына түшүп кеткен күчүктү куткарам деп өзү суудан чыкпай калган. Маркумдун артында эки кызы жана кош бойлуу жубайы калган эле.

Андан бери эки жыл өттү. Айзат Маматалиеванын курсактагы ошол кызы азыр бир жарым жашта. Бирок жашоо-турмуштун айынан кыздары анын жанында эмес, Таласта. Sputnik Кыргызстан агенттиги тагдырдын сыноосуна кабылган аялдын абалынан кабар алды. 

— Айзат, кандай оокат кылып жатасыздар?

— Тирүү жандын күнү өтө берет экен. Өзүм азыр тигүү цехинде иштеп жатам. Кыздарымды чоң ата, чоң апасы "биз карайлы" деп Таласка алып кеткен. Жолдошум каза болгондо төрт айлык боюмда бар эле.  Ошол  кызым азыр бир жарым жашка чыгып, ал дагы чоң энесинин колунда. Жолдошумдун артында үч кызы калды. Улуум быйыл 9-класста окуйт. Андан кийинким үч жашта болсо, кичүүсү бир жарым жашта.

— Бул жактан окутуп, багууга мүмкүнчүлүк болгон жокпу?

Боор оорусу менен алышкан Рысалиева: аппаратты алып салсам жашай албайм - Sputnik Кыргызстан
Боор оорусу менен алышкан Рысалиева: аппаратты алып салсам жашай албайм
— Тигүү цехинде иштегендиктен эртең менен кетип кечинде келем. Аларды караганга адам жок. Кийим-кечесине, тамак-ашына деп тапкан акчамды салып турам. Анын үстүнө жолдошум барда эле улуу кызымды 2-классында, экинчисин 10 айында чоң аталары "багып беребиз, силер иштеп үй салып алгыла" деп алып кеткен. Үчүнчүсүн бир жашка чыгарып бердим. Кайнене, кайнатама эки дүйнө ыраазымын. Мени жалгызсыратышкан жок. Төрөп тыңыган соң бир айдан кийин кайра эле жумушка чыккам.

— Кичинекейиңизчи, бир айлык ымыркайды кимге таштап жүрдүңүз?

— Улуу кызым бакчу, ошол учурда жайкы каникул болуп балдар жанымда эле. Жумуш жакын жерде болгондуктан, кирип-чыгып тиге берчүмүн. Кайненем да каралашып турчу. 

© Sputnik / Таалайгул УсенбаеваУчурда Айзат Маматалиева тигүү цехинде иштейт, үч кызы кайын-журтунда
Вдова Айзат Маматалиева - Sputnik Кыргызстан
Учурда Айзат Маматалиева тигүү цехинде иштейт, үч кызы кайын-журтунда

— Жолдошуңуз барда иштечү белеңиз?

— Ооба, шаарга 2009-жылдары эле көчүп келгенбиз. Мен тигүүчү, күйөөм куруучу болчу. Кырсык болгон күнү эмнегедир жумушка баргысы келбей калып калган. Көрсө, ажал тооруп турган экен. Жумушта отурсам жеңем "Мухтар үйдөгү күчүктү сактайм деп Чоң Чүй каналына түшүп кетиптир" деп чалды. Амандыгын тилеп, калчылдап үйгө келдим. Көрсө күчүктү куткарам деп өзү суудан чыкпай калыптыр. Ал күнү сөөгүн таба албай, эртеси ӨКМдин кызматкерлери келип алып чыгышты.

— Ал эмне болгон күчүк эле?

Эки балалуу болгондон кийин күйөөм таштап кетти... Майып келиндин арманы - Sputnik Кыргызстан
Эки балалуу болгондон кийин күйөөм таштап кетти... Майып келиндин арманы
— "Кыргызстан" деген жаңы конушта кайнимдин үйүндө батирде турчубуз. Ошол кайнимдин алабай тукумундагы күчүгүн биз багып,  жолдошумдун аны менен жаны бирге эле. Тамакты да үзбөй берип жакшы карачу. Мен жумушка кеткенде кошунанын эки кызын ээрчитип,  күчүктү Чоң Чүй каналынын жээгине сейилдетип келүүгө алып чыгышыптыр. Ажал экен, жаныбарды сактайм деп өз өмүрүнөн айрылып калды. Итти куткарып, бирок өзү шаркыратма жагына кирип кетип чыга албай калыптыр. Анын үстүнө жаз айы болуп ал кезде каналга суу абдан көп келип жаткан.

— Азыр ал ит барбы?

— Ооба, аны Таласка кудабызга бергенбиз, мал кайтарып жүрөт. Бул жакта болсо мени көрүп эстей берип, жаман болбосун  дештиби, айтор, алып кетишкен. Азыр ит көрсөм кадимкидей жаман болуп, жиним келе берет. Ажал деңизчи, бирок күчүк себепкер болгондуктан итти жаман көрүп калдым.

— Жалгыздыктын азабы жаман болсо керек?

— Жолдошумдун жогу аз келгенсип кыздарым да алыста. Төркүнүмдөн жардам деле күтпөйм. Себеби өз атам инсульт болуп 10 жылдан бери төшөктө, апам  инимдин балдарын карайт. Азыр таянар тоом эле кайын журтум. Алар менен алаканы үзгөн жокмун. Мухтар барда жер алып, фундамент салганбыз. Азыр ошол үйүмдү тургузуп алайын деп жанталашып иштеп жатам. 

© Sputnik / Исмаил МамытовАйзат: төркүнүмдөн жардам деле күтпөйм. Себеби өз атам инсульт болуп 10 жылдан бери төшөктө, апам инимдин балдарын карайт
Вдова Айзат Маматалиева - Sputnik Кыргызстан
Айзат: төркүнүмдөн жардам деле күтпөйм. Себеби өз атам инсульт болуп 10 жылдан бери төшөктө, апам инимдин балдарын карайт

— Кыздарыңыз көптөн бери Таласта болсо алыстап калган жокпу?

— Ортончу кызым мени "чоң апа" дейт. Мен барганда чоң ата, чоң апасын алдап "бир күн чоң апамдын жанына жатайын" деп мен кеткиче жаныма жатып, сагынычыбызды таратып алабыз. Өзүм деле тез-тез барганга аракет кылам. Улуу кызым эс тартып калды.

— Жашыңыз канчада?

— Быйыл 37ге чыгам.

— "Ургаачынын чырагы кырк" деп коет эмеспи, жаш эле экенсиз, жолу турмуш куруу оюңузда жокпу?

Шал болуп ооруган бөбөктүн апасы Ширин: балам баспаса да мойнун токтотуп калса экен - Sputnik Кыргызстан
Шал болуп ооруган бөбөктүн апасы Ширин: балам баспаса да мойнун токтотуп калса экен
— Жок, аны түк ойлобойм. Бирөөнүн баласын эле ким ардактап сүйүп багыптыр. Андайлар аз. Ойлогонум эле үйүмдү бүтүрүп, кыздарымды жаныма алсам жакшы болот эле. Жалгыз адамдын акчасы эч нерсеге деле жетпейт экен. Бирок аракет кылып кичинеден кыбырап жатам.

Мындан эки жыл мурда да Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары Айзаттын тагдыры тууралуу материал даярдап, бир топ кайрымдуу адамдар ага көмөк көрсөтүшкөн>>

Жаңылыктар түрмөгү
0