Жумабеков: сот органдарын реформалоо өз максатына жеткен жок
Сот органдарын реформалоо өз максатына жеткен жок. Бул тууралуу Дастан Жумабеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Спикердин айтымында, жооптуу кызмат адамдарына карата мыйзам чегинде чаралар көрүлбөй жатат.
"Бүгүнкү күндө түзүлгөн криминалдык кырдаал, укук коргоо органдарындагы кадрдык башаламандыктар, айрым укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коомчулукта чоӊ талкуу жараткан мыйзамсыз аракеттери укук коргоо, сот органдарын реформалоо өз максатына али да жетпей жаткандыгын айгинелейт", — деди Жумабеков.
Ал прокуратура органдары мыйзамдын аткарылышына жетиштүү көзөмөл жүргүзө албай жатканын кошумчалады.