Каныбек Жолчубеков: жубайым эки балама кошуп мени да тарбиялап жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбековрек-рим күрөшү боюнча студенттер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, чоңдор арасында Азия чемпиону, КРдин бир нече жолку чемпиону Каныбек Жолчубеков
рек-рим күрөшү боюнча студенттер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, чоңдор арасында Азия чемпиону, КРдин бир нече жолку чемпиону Каныбек Жолчубеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документтеги атым Каныбек, бирок азан чакырылган ысымым Калыбек. Өзүбүз деле билген эмеспиз. Паспорт алганы барганда "л" эмес, "н" деп жазылып калыптыр. Мелдештерде документ боюнча чакырышкандыктан коомчулукка Каныбек Жолчубеков деп таанылып калдым.

Биз балбан менен маекке чейин ушинтип кобурашып калдык. Адатта студияга келе турчу конок тууралуу маалымат издейбиз. Интернеттен спортчуну бирде Каныбек, бирде Калыбек деп жатты эле, жообу эми түшүнүктүү болду окшойт. 

Бул балбандын спортто жүргөнүнө бир топ болду. Ал грек-рим күрөшү боюнча студенттер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, чоңдор арасында Азия чемпиону, КРдин бир нече жолку чемпиону, ошондой эле бир канча эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү аталган.

Каныбек Жолчубеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спорттогу ийгилиги, жеке жашоосу жана пландары тууралуу айтып берди. 

© Фото / официальный сайт Объединенного мира борьбыКаныбек Жолчубеков: мен үчүн биринчи кезекте өлкө ичинде мыкты аталган маанилүү
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Каныбек Жолчубеков - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Жолчубеков: мен үчүн биринчи кезекте өлкө ичинде мыкты аталган маанилүү

— Жыл кандай башталса, ошондой өтөт деп коет эмеспи. Чу дегенде эле өлкө ичинде биринчи аталып, Иранда өткөн мелдеште атаандашты жер каратып койдуңуз. Буюрса, 2018-жыл ийгиликтүү болчудай…

— Жыл жаңырганда Кыргызстандын биринчилиги өтүп, анда чемпион аталдым. Мен үчүн биринчи кезекте өлкө ичинде мыкты болуу маанилүү. Ошондон кийин гана "ө-өх" деп бир жылдык план түзө аласың. Андаң соң Бишкекте өтө турчу күрөш боюнча Азия оюндарына карата Ысык-Көлдө машыгуудан өтүп келдик. Азия оюндары өз үйүбүздө өткөнү коркунуч жаратат. Бизге ишенген күйөрмандардын үмүтүн актоо оор. Аталган чемпионатка чейин күчүмдү сынаш үчүн дагы бир турнирге катышыш керек болду. Сиздер күбө болгондой Ирандагы "Tahti Kup" мелдешинде жараткандын өкүмү менен жеңишке жеттик. Эми жыл аягына чейин ийгилик коштосун демекчибиз. 

— Ар бир балбандын килем үстүндөгү ыкмасы бар. Сизди күтүлбөгөн жерден чабуулга өтүп, атаандаштын шаштысын кетирет деп айтышат.

— Бул бир күндө пайда болгон ыкма эмес. Жылдап такшалдык. Күчкө толуп турган балбанды алдан кетирүү кыйын. Ошон үчүн ары-бери жагынан чыгып шаштысын кетирип күчүн алам дагы, кез келген ыкма менен жеңип алам. 

© Sputnik / MURAD ORUJOVЖолчубеков: спортто жүргөнүмө көп жыл болду. Жаштардын чыгып келе жатканы менин күндөн-күнгө ойготот
IV Игры исламской солидарности в Баку. Греко-римская борьба. До 59 кг - Sputnik Кыргызстан
Жолчубеков: спортто жүргөнүмө көп жыл болду. Жаштардын чыгып келе жатканы менин күндөн-күнгө ойготот

— Ошол эле турнирде дагы бир балбаныбыз Калы Сулайманов алтын медаль тагынды. Биз билгенден анын салмагы 63, сиздики 60 килограмм. Бирок, КРдин биринчилигинде кез келип каласыздар. Калыны өлкө ичиндеги башкы атаандашыңыз катары көрөсүзбү? 

Чемпион мира по боевому самбо Раимкул Бекназар уулу - Sputnik Кыргызстан
"Тиш жасайсыңбы?" деп таң калгандар көп. Самбо боюнча дүйнө чемпиону менен маек
— Кыргызстанда грек-рим күрөшүнүн деңгээли мыкты. Андыктан спортто атаандаш көп. Бүгүнкү күндө бардык спортчу мелдеште мени утсам деп даярданат. Эл дагы "бул балбанды ким утат" деп күтөт. Спортто жүргөнүмө көп жыл болду. Жаштардын чыкканы мени ого бетер алдыга умтултуп турат.

2018-жылдан бери салмак катерогиясына өзгөрүүлөр киргизилди. Мурда салмактын 7 түрү болсо, азыр үчөө киргизилди. Мурда меникиндей 59 килограммда Арсен Эралиев, Калы Сулайманов, Урмат Теишов болчу. Азыр булар ар кайсы салмакка чачырап кетти. 

— 2016-жылы Олимпиада оюндарына катышууга ниет кылып, бирок жолдомо ала албай калдыңыз окшойт?

— Жолдомо алганга дагы мүмкүнчүлүк болгон жок. 2015-жылы КРдин биринчилигине катыша албай калдым. Себеби келинчегим төрөттөн кыйналып, жүрөгүнө операция жасатып калды. 

Олимпиада оюндарына катыша албай калсам да ошол жылы алгачкы жолу Азия чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпиону аталдым. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолчубеков грек-рим күрөшү боюнча студенттер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, чоңдор арасында Азия чемпиону, КРдин бир нече жолку чемпиону аталган
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Каныбек Жолчубеков - Sputnik Кыргызстан
Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча студенттер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, чоңдор арасында Азия чемпиону, КРдин бир нече жолку чемпиону аталган

— Спорттон эмне таба алдыңыз?

— Эң чоң байлык — бул менин досторум, ага-инилерим. Эгерде айылда калганда мынча адамды таппайт элем. 

Борец греко-римского стиля Калы Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Балбан Сулайманов: атактуу болом деген каалоомду Олимпиада оюндарында аткарам
Спортто көп сыноого кабылдым. Ар кандай бут тосуулар болду. Мен тараптан жана келинчегим жагынан шайланган эки өкүл атам бар. Спортту түшүнгөн, жаш кезинде өздөрү да күрөшкө түшкөн адамдар. Ар тараптан колдоо көрсөтүп келишет. Алар биз "сени өкүл бала деп эмес, эмгегиңди, талантыңды баалап колдоо көрсөтөбүз" деп калышат. "Спорттон кетем, жетет, болду" деп айткан учур көп болду. Жетет дегенде кандай, ар ким ар нерсени айта берет. Ошондой учурда "кийин өкүнүп каласың, жолуңду улай бер" деп кеп-кеңештерин айтып алып калышчу. 

"Саяпкер жакшы болмоюн күлүк чуркабайт" дейт. Машыктыруучум Майрамбек Ахмедов мени жакшы карайт. Ийгиликке жеткирген адамдарымдын бири ошол киши. 

— Бут тосуулар көп болду деп айтып калдыңыз. Спорттогу атаандаштык кандай жана ага кантип туруштук бересиз? 

— Спорттогу атаандаштык анын бардык тармагында күч. Мен үчүн жашоодогу күрөшкө караганда килемде күрөшкөн жеңил. Мелдеште атаандашың менен кол кармашып коюп чыгып кете бересиң. Жашоодо адамдын көңүлүн оорутуу катуу тийиши мүмкүн. Атаандаштыкты убакытты өткөрүп жана сабырдуулук менен жеңсе болот. 

© Фото / из личного архива Каныбека ЖолчубековаКаныбек Жолчубеков: мен үчүн жашоодогу күрөшкө караганда, килемде күрөшкөн жеңил
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Каныбек Жолчубеков - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Жолчубеков: мен үчүн жашоодогу күрөшкө караганда, килемде күрөшкөн жеңил

— Сиз жеңил салмактагылар арасында күч сынашкандыктан көбү сыртыңыздан спортчу экениңизди биле бербесе керек?

— Негизи ЖМКларга деле көп маек бербейм. Убактымдын тардыгына байланыштуу социалдык тармактарда деле отурбайм. Спортко кызыккандар эле тааныбаса, көчөдө эркин жүрө берем. Марштуркада кичинекей экен деп түртүп койгондор болот. Анан кармаша келгенде "коюңуз" дешет. Эми андай учурда деле бирөө менен мушташып, өзүм кошо жаракат алганга чейин барбайм.

— Жашоодо мүнөзөңүз кандай?

— Аябай ишенчээкмин. Жакшы сүйлөгөн адам менен жакшы баарлашам. Керсейгендерге керсейип коем. Мындайча айтканда ар кимге өзүнө жараша мамиле жасайм. Досторум, машыктыруучум, өкүл аталарым менен сыр бөлүшөм. Келинчегим "эмне сүйлөбөйсүң, досторуң менен ачылып сүйлөшөсүң го" деп калат. Үйгө чарчап барам. Эки баламды ашып кетсе беш мүнөттөй эле эркелетем. 

— Анан эки уулуңуз эки жактан чыгат…

— Эзилип деле эркелете албайм, ага балдарым көнгөн. Себеби өзүм көп эркелеген жокмун. Эжемден кийин беш карындашым бар. Үйдүн улуусу жоопкерчиликтүү болуп чоңоет экен. 7-классымда борбордогу спорт-интернатына кетип, ата-энемдин жанында көп болгон жокмун. 

© Фото / из личного архива Каныбека ЖолчубековаЖолчубеков: балдарымды эзилип деле эркелете албайм. Себеби өзүм көп эркелеген жокмун
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Каныбек Жолчубеков - Sputnik Кыргызстан
Жолчубеков: балдарымды эзилип деле эркелете албайм. Себеби өзүм көп эркелеген жокмун

— Жубайыңыз менен кантип табышып калгансыздар? 

— Дос балам бир кызга чалган экен, телефонумду күйүзсөм бөлөк номерлер чыкты. Ким экенин сурайын деп кайра чалсам бир кыз алды. Көрсө ал досумдун жээни экен. Ошентип келинчегим менен телефон аркылуу таанышканбыз. Ал эки уулум менен кошо мени да тарбиялап жатат. Урушчу жерден урушат, айтчу жерден айтат. 

Негизи эле азыркыга чейин тарбияланып жатам десем болот. Мага жол көрсөткөн кишилер көп. Досторума да менин туура эмес жүрүм-турумумду байкасаңар бетиме айткыла дейм. Дос кемчилигиңди көрүп туруп унчукпаса, душман деп ойлойм. Ал сага күзгү болушу керек. Өкүл аталарыма да мени урушкула деп турам. 

— Спортчунун жубайы болуу оңой болбосо керек. Айрым учурда келинчегиңиз экөөңөрдүн ортоңордо түшүнбөстүктөр болобу? 

Белгилүү мушкер, кикбокс боюнча дүйнө чемпиону (Түркия, 2013-жыл), Азия чемпиону (2017-жыл), КРдин бир нече жолку чемпиону Авазбек Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
"Ушу сен спортчусуңбу?" дешет. Дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков менен маек
— Кайын журтум спортко жакын адамдар. Андыктан келинчегим мени түшүнүү менен эле кабыл алды. Кайнагам Асейин Төрөгалиев эркин күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону. Кайнатам дагы спортту тандагандан кийин аягына чейин чыгар деп кеңешин айтып турат. 

Өзүмдүн ата-энем айылда. Үйдүн жалгыз эркек баласы болсом да, атам мени айылда алып калбай, спортко болгон жөндөмүмдү байкап шаардагы спорт-интернатына жөнөткөн. Бул ата-энемдин даанышмандыгы, келечекти көрө билгендиги деп ойлойм. Эжемден кийин эле беш карындашым бар. Анын бирөө бюджеттик бөлүмдө окуйт. Калган төртөөнү мен акчасын төлөп окуткам.

— Балдарыңызды спортко берейин деген оюңуз барбы?

— Билбейм, азыр айта албайм. Спортчу болуу оңой эмес. Баланын эркине коем. Бирок спортчу болом десе жолун тосо албайм.

© Sputnik / Табылды КадырбековКаныбек Жолчубеков: спорт мээнеткеч адамдарды сүйөт. Анан күчтүү гана эмес, адамгерчиликтүү да болуш керек
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Каныбек Жолчубеков - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Жолчубеков: спорт мээнеткеч адамдарды сүйөт. Анан күчтүү гана эмес, адамгерчиликтүү да болуш керек

— Балким спортто эсте калган учурлардан айтып берээрсиз?

— 2008-жылы салмак куумай көйгөйүнө кабыла баштадым. Түркияга мелдешке бардык. Өз салмагыман 1,200 грамм ашыкча болуп калды. Салмак куумайдын нечен амалын көрүп, акырында күчүм деле калбай калды. Агайым болсо мага ачууланып, намыска шек келтире турган сөздөрдү айтып, аябай сөгүп тилдеген. Ошондо кошуна бөлмөдөгү орустар келип, агайыма "эмне болуп атасыңар, балага жайыраак айтыңыз, шагы сынып калбасын" деп боору ооруду. 

Анан биринчи жолу даарат алып, кудайдан тилек кылдым. Бишкектен ала барган бир литр жарманы жутуп алып, аябай чуркап, катуу тердедим. Келсем агайым аябай сүйүндү. Таразага түшсөм дагы 900 грамм калыптыр. Калганын залга барганда куудум. Эртеси жаштар арасында дүйнө чемпиону аталдым. Агайым сүйүнгөнүнөн ыйлады. 

Убагында агайым уруша берет, анда-санда какус-кукус кылып коет деп таарынганым менен ошонун баары тарбия экен.

© Sputnik / Табылды КадырбековБалбан: агайымдын урушканына убагында таарынганым менен ошонун баары тарбия экенин кийин түшүнөт экенсиң
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Каныбек Жолчубеков - Sputnik Кыргызстан
Балбан: агайымдын урушканына убагында таарынганым менен ошонун баары тарбия экенин кийин түшүнөт экенсиң

— Башка өлкөнүн атынан чыгып бер деген сунуштар болдубу?

— 2010-жылы Түркиядан эки жылдан кийин боло турчу Олимпиада оюндарына алып кетебиз деп келишкен. Бул үчүн ата-энеме эки жылга бөлүнө турчу 200 миң доллар, мындан сырткары, мага ай сайын айлык, тамак-аш, жашаган жеримди камсыздап беребиз деп айтышкан. Бизде Олипиадада утсаң да мынча акча албайсың. Көп киши "бул сунушту четке какпай ойлонуп көр, балким жашооңдогу чоң бурулуштур" дешкен. Бирок мен өз өлкөмдүн атынан мелдешке катышууну туура көрдүм. 

Церемония открытия зимних Азиатских игр в Саппоро - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз спорту бул жылы эмнеси менен эсте калды
Кореялык клубдан жылына 90 миң доллар беребиз дешкен. Бирок биздикилер "бала өзүбүзгө керек" деп бербей коюшкан. 

2010-жылы белгилүү казак балбаны Даулет Турлыханов "Юрий Мельниченко менен Раатбек Санатбаевден да өйдө деңгээлге чыгарам" деген. Бул сөздөргө абдан ыраазымын. 

Жакында эле Иранда өткөн мелдештен кийин ал жактагы күрөш боюнча клубдун жетекчиси келип дайын-дарегимди алып калды. Азыр чоң мамлекеттерде клубдар аралык мелдештер өткөрүлүп турат. Мурда эмнеге мага мындай сунуш келбейт дечү элем. Бул боюнча ойлонуп көрөм. Келишим убактылуу түзүлөт. 

— Спортко көңүлүн коюп, күрөш менен машыгып, келечекте Олимпиада чемпиону болом деген жаштарга кандай кеп-кеңешиңиз бар? 

— Спорт мээнеткеч адамдарды сүйөт. Анан күчтүү гана эмес, адамгерчиликтүү да болуш керек. Бирок жашоодо спортту биринчи орунга коюп албаш керек. Кокус бут тосуулар болсо сынып калышат. Адам өмүрү кыска, спорттуку андан да кыска. Ошондуктан убагында билим алуу маанилүү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0