Тасмада башкы каармандын ролун КРдин эл артисти, белгилүү актер жана театр режиссеру Акылбек Абдыкалыков жаратты. Анын ролун бир катар абройлуу делген дүйнөлүк басылмалар да баалашты. Sputnik Кыргызстан Акылбек Абдыкалыков менен жолугуп чыгармачылыгы, актердук кесип жана кыргыз киносу тууралуу маектешти.
— Алгач өмүр таржымалыңызга токтоло кетсеңиз?
— Сиздерди чыгармачыл үй-бүлө катары билебиз?
— Ооба, баарыбыз чыгармачыл адамдарбыз. Иним Актан Арым Кубат белгилүү режиссер, анын баласы Мирлан Абдыкалыков да тасма тартып жүрөт. Келинчегим Анара Назаркулова да эмгек сиңирген артист, кызым Щепкин атындагы театралдык окуу жайды бүтсө, уулум пианист. Дагы бир уул жана кызым башка тармакты тандады. Бирок бири-бирибизге чыгармачылык жактан акыл үйрөтпөйбүз. Актан кээде чакырат, сценарийин карап ой бөлүшөм. Мирлан "Сүтак" тасмасын келинчегим экөөбүзгө арнап жазып, башкы ролго чакырган. Бирок мен ден соолугума байланыштуу баш тарткам.
— Чыгармачыл адамдардын советтик доордо "биздин жашоо башкача болчу" деп калышат. Сиз буга кандай карайсыз?
— Албетте, ал убакта театр, кино, деги эле чыгармачылыктын бардык түрү башкача болгон. Азыркыдай чаржайыт эмес эле, чыгармачыл тартип деген бар болчу. Күндө спектакль коюлчу. Эми азыр андай шарттар жок. Ал убакта маданиятка терең көңүл бурулар эле, эл да маданияттуу болчу. Азыр маданият актер, жазуучу сыяктуу чыгармачыл эле адамдарга керек деп ойлошот. Бизге кереги жок. Биз ага ансыз деле өмүрүбүздү беребиз. Маданият мамлекетке, элге керек. Көчөдөгү айдоочуга, базардагы сатуучуга, дыйканга, деги эле баарына керек. Качан маданият толук калыптанганда жакшы жашоо болот. Азыр руханий кризистин ичиндебиз. Мына күндө болгон жол кырсыктары деле айдоочунун маданиятынын жоктугунан улам болуп жатат. Азыр бизге маданияттуулук жетишпей жатат.
— Эгемендик алгандан бери кыргыз киносунда кандай өзгөрүүлөр болду?
— Азыркы жаш актерлорду деле сынагандар көп. Кандай баа жана кеңеш бересиз?
– Эң негизгиси китеп окуу керек. Жалаң гана адабият эмес, саясат тууралуу, философияны окуп, коомдун тамырын тарта билиши керек. Себеби сахнага чыкканда сенин аураң көрүнүп туруусу зарыл. Ички дүйнөңдө эч нерсе жок болсо, бакырып-өкүрсөң да окшошпойт. Ошондой эле өзүңдүн үстүңөн абдан катуу иштөө маанилүү. "Ролду өзүңө сындырбай, ар бир роль үчүн өзүң сынышың керек" деген жакшы сөз бар. Мисалы Лирди ойнош үчүн ошол коомду, ал убактагы салт-санааны жакшы билиш керек. Талант кудайдан берилет. Бирок ал сокур. Качан окуганда гана көз, кулак, ооз пайда болот.
— "Түнкү кырсыкка" токтоло кетсек. Тасма эмне тууралуу?
— Негизи сүйүү темасы козголгон. Адам качан гана өзү ишенген, жан дүйнөсү жакын бирөөнү тапканда гана оңоло баштайт. Сүйүү бар жерде коом да, үй-бүлө да оңолот. Тасманын негизги темасы ушундай.
— Ролго кантип даярдандыңыз?
— Режиссердун айтканын жасап жаттым. Себеби актер баары бир жалпы кинонун бүтүндүгү боюнча үстүнөн карап, иштеген режиссерду угуш керек. Мен башкача ойнойм десең, анда режиссердун негизги максатын бузуп коёсуң. Режиссердун максатын түшүнүп, анан ролду өзүңчө алып чыксаң ал башка сөз. Бирок ал үчүн режиссер жана актер экөө тең билимдүү болушу зарыл.
— Темир Бирназаров менен иштешүү кандай экен?
— Темир мени мурдагы "Белгисиз маршурт" тасмасына да чакырган. Бирок ал убакта башка жумушта иштеп жатып, катыша албай калгам. Бул жолу тасмага тартылууну туура көрдүм. Темир тапшырманы мыкты коёт. Ошол эле убакта актерго эркиндик да берет. Ал койгон тапшырманы жакшы аткарып бердим деген ойдомун. Турмуштук көз карашы, ой жүгүртүүсү олуттуу инсан. Экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнгөндүктөн улам ушундай ийгиликтүү тасма жаралды.