Сүйүүмө эми жолуктум, бирок аялымды таштай албайм... Эки ортодо калган жигит

© AFP / ANDREAS SOLAROСвадьба Джорджа Клуни и Амалы Аламуддина
Свадьба Джорджа Клуни и Амалы Аламуддина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бу жолку чыгарылышында үй-бүлөлүү эркек кишинин кеч келген арзуусу баяндалат

Плотина Узкиза в Испании - Sputnik Кыргызстан
Күйөөм кызгана берип күн көрсөтпөй калды. Канткенде жаным калат?..
Саламатсыздарбы, кандай кыларымды билбей башым катып турган чак. Үй-бүлөлүүмүн, кызым бар. Жубайым экөөбүз жети жыл жүрүп, үч жыл мурун баш кошконбуз. Келинчегим акылдуу, жакшынакай, аябай камкор. Экөөбүз жумуштан таанышканбыз. Дароо эле баш-отум менен берилип сүйүп калдым эле. Азыр да жакшы көрөм. Жубайым менен кайын журтумдун профессионалдуулук жактан өсүшүмө, адам болуп калыптанышыма салымы чоң. Ата-энем жок болгондуктан кайната, кайненемди жакын көрөм, ортодо жылуу, сый мамилебиз бар.

Болгону келинчегимдин ит кыялы жүрөккө тийип бүттү. Элдин көзүнчө жадырап-жайнап, айтканым менен болуп келет. Бөлөк-бөтөн киши жок болору менен кемирип-жей баштайт. Жакшы көңүл бурбай жатканымды айтат, кызгана берип кулак-мээмди жейт. Баарына чыдап келдим, мамилебизди бузбайын деп аракет кылчумун. Анын үстүнө жытыбыз сиңишип калгандан кийин майда-барат нерсеге көңүл бурбайын дээр элем.

Бирок эки жыл мурун башка аялга арзып калдым. Экөөбүз да жумуштан таанышып, алгач жөн гана сый мамиледе жүрдүк. Жакшы сүйлөшчүбүз, менин көңүлүмдөгүдөй аял эле. Убакыттын өтүшү менен ансыз жашай албай калганымды түшүндүм. Эми үйдөгү жаңжалдар да анчалык жүрөктү оорутпай, жумуштагы маселелер да мурункудай курч болбой калды. Мен аны буга чейин эч кимди, керек болсо аялымды да жакшы көрбөгөндөй сүйдүм. Бирок аялымды таштап кете албай турганымды жакшы билем, жанымды коерго жеп таппай жүрөм. Анткени кызым бар, ажырашсам жубайым кызымды таптакыр көрсөтпөй коет. Эч качан кечирбейт дагы мени. Аялдык туюму менен бир нерседен шек алып жаткандай, бирок илинчеги жок болгондуктан эч нерсе дебейт.

Женщина с ребенком - Sputnik Кыргызстан
Күйөөмдүн экинчи аялы бар экенин билгенде... Келиндин каты
Менин сүйүүм күндөн күнгө күчөп барат. Ал дагы мени жакшы көрөт, ушунчалык жан дүйнөмө жакын, мени көз караштан түшүнгөн кишини жолуктурган эмесмин. Ал менден аялым менен ажырашуумду талап кылбайт, жөн гана менин жанымда. Минтип жашоо туура эмес экенин да жакшы түшүнүп турам, анткени өзүмдүн, анын, аялымдын тагдырына балта чаап жаткандаймын… Бирок бирөөсүн тандап кете албай кыйналып жүрөм. Мага көп нерсе үйрөтүп, кызартып кыз төрөп берген, үй-бүлө берген адамды таштап кетүү канчалык оор болсо, жан дилим менен сүйгөн адам менен ача жолго түшүү да ошончолук кыйын болуп турат. Жардам бериңиздерчи.

Ильдар Акбутин, психолог

© Sputnik / Табылды КадырбековПсихолог Ильдар Акбутин
Психолог Ильдар Акбутин - Sputnik Кыргызстан
Психолог Ильдар Акбутин
Кыйналып жатканыңызды түшүнүп турам. Бир жагынан баарын алдап жатканыңызды өзүңүз да жакшы түшүнүп жатасыз, экинчи жагынан бактылуу болгуңуз келип жатканы да айгине.

Өзүңүзгө төмөнкү суроолорду берип көрүңүз:

Бетин жаап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайненем чачыман сүйрөп... Кайындары менен чогуу турган келиндин муңу
Эгер сиздин аялыңыз көңүлдөш күтүп жүргөнүн билсеңиз кандай абалда калаар элеңиз? Кандай кадамдарга бармаксыз? Ошондой кырдаалда жубайыңыздын бактысыз экенин, башка адам менен жашагысы келерин сизге ачык айтышын каалаар белеңиз? Эгер ушул суроолорго так жооп бере алсаңыз, анда мынчалык кыйынчылык тартпай каласыз.

Көп адамдар рахат тартуулоочу мамиле куруп, акылын жоготуп, туура чечим кабыл ала албай калат. Бирок сезим менен бирге акыл-эс деген түшүнүк чогуу жүрөт. Эгер сүйүү акыл-эстен үстөмдүк кылса, анда бул Балалык абалындагы, башкача айтканда, таразалай албаган, абалга туура баам сала албаган сезим. Бул сүйүү алды-артты карабаган жеңил ойлуулук менен коштолуп, адатта арты жаман бүтөт. Ал эми "эстүү" сүйүү сезимдерди таразалап, жоопкерчиликти да моюндоого жөндөмдүү.

Балалык сүйүү өзүмчүл болот. Мында адам алгач сүйүп калып, анан ойлоно баштайт. Бардыгы капысынан болгондой сезилет. Колу-жолу бош адамды мындай сезим рахатка гана бөлөйт.

Чечим кабыл алууну кечеңдете берип сиз өтө ыңгайлуу абалда жүрөсүз: очогуңузду кармап турган келинчегиңиз бар, сизден эч нерсе талап кылбаган сүйүктүүңүз да жаныңызда. Бул баарын сүйүүгө шылтап, бирок эч кандай жоопкерчиликти алгысы келбеген баланын абалына көбүрөөк окшоп турат.

Аялды муунтуп жаткан адам. Иллюстративндик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жолдошум балдардын көзүнчө сабайт, коркутат... Кантип ажырашам?!
"Эстүү" сүйүүгө кабылган үй-бүлөлүү киши өз сезимдерин башкара билиши кажет. Эки жылдан бери эс-акылга каршы чыгып, алгачкы сүйүүңүздү алдап жатканыңызды жакшы түшүнөт экенсиз. Экинчи курган мамилеңизден чарчаганда дагы бирөөнү сүйүп калбайсыз деп ким кепилдик бере алат. Ошондуктан акыл токтотуп гана балалык сүйүүнүн таасиринен чыгып, чечимиңиз үчүн жоопкерчилик алгыдай болуңуз. Ошондо гана анын артынан "эстүү" сүйүү чыга келет.

Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында бугуңузду чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0