БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстандын жашоочулары жер титирөө болгондугун Facebook социалдык тармагында жазышты.
Санжар Калматай аттуу жаран саат 13.09да болгондугун жазды.
Бул туурасында Авланбек Жумабаев да билдирди.
Европанын жер ортолук деңизинин сейсмология институту
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Афганистанда күчү 7-8 баллга, ал эми Ош менен Бишкекте 2,3-3 баллга жакындаган жер титирөө болгондугун билдиришти.
Кыргызстандагы Сейсмология Институтунун директору Канатбек Абдрахматов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Афганистанда чындыгында эле жер титирөө болгондугун тастыктады.
"Ал жер бизден өтө алыс. Ош менен Баткенде үч баллга чейин болуп, аны жашоочулар сезген", — деди Абдрахматов.
Чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары да жер титирөө туурасында жазышты. Курман болгондор жана жабыркагандар тууралуу азырынча маалыматтар жок.