БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Таш-Көмүр жана Кара-Балта шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады.
Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 28-январь күнү өткөн.
Автоматтык эсептөөчү урналардын чыгарган жыйынтыгына ылайык, Кара-Балта шаарында 14 722 адам (60,39 пайыз) добуш берген. Ат салышкан саясий партиялар төмөнкүдөй добушка ээ болду:
"Жакшылык — Добро" — 73;
"Кыргызстан элдеринин шериктештиги" — 304;
"Мекеним Кыргызстан" — 2 910 (7 мандат);
"Өнүгүү — Прогресс" — 376;
"Республика" — 531;
КСДП — 4 854 (12 мандат);
"ЭлАман" — 3 074 (7 мандат);
"Элдик — Народная" — 2 305 (5 мандат);
баарына каршы — 152;
жараксыз болгон бюллетень — 143.
Ал эми Таш-Көмүр шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
"Ата-Журт мекенчил партиясы" — 1 294 (4 мандат);
"Бүтүн Кыргызстан" — 359;
"Мекеним Кыргызстан" — 3 202 (10 мандат);
"Өнүгүү — Прогресс" — 1 097 (4 мандат);
КСДП — 2 608 (9 мандат);
"Таш-Көмүр жаштары" — 1 186 (4 мандат);
"Улуу көч" — 683;
баарына каршы — 43;
жараксыз болгон бюллетень — 89.
Мындан тышкары, 28-январь күнү Ак-Таш, Кажы-Сай жана Тоголок Молдо айылдык кеңештерге шайлоо өттү.