Жалгыз бой эне Туратова: вагондогу турмуш, чарчаткан 13 чакырым, онтоткон оору

© Sputnik / Зульфия ТургуноваМногодетная мать одиночка Алмакан Туратова
Многодетная мать одиночка Алмакан Туратова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында ээн талаага орнотулган контейнерлерде сегиз үй-бүлө күн кечирүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан коюлган темир жайлар үй-жайсыз калып, "Жаштык" лагеринде жашап жаткан бүлөлөр үчүн берилген. Кыштын кычыраган күнүндө буларды мындай жагымсыз жайга кандай тагдыр айдап келгенине кызыгып, андагылардын айрымдары менен маектешүүгө үлгүрдүм. Алардын бири жалгыз бой эне Алмакан Туратова төмөнкүлөрдү айтып берди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваТөрт баланын энеси, 47деги Алмакан Туратова кыштын суугунда вагондо баш калкалап келет
Многодетная мать одиночка Алмакан Туратова - Sputnik Кыргызстан
Төрт баланын энеси, 47деги Алмакан Туратова кыштын суугунда вагондо баш калкалап келет

"Какыраган ээн талаадагы контейнерде тар бөлмөдө жашап жатабыз"

Похоронные церемонии жертв смертельной стрельбы в Монреале - Sputnik Кыргызстан
ВИЧ болгон баланын энеси: уулумду угуп кудалар кызыма салган сөйкөсүн чечип кетишти
Бир мезгилде жылуу үйдө жолдошум, балдарым менен азга каниет кылган бактылуу үй-бүлөлөрдөн элек. Азыр болсо минтип какыраган ээн талаада тар бөлмөдө жашоо кечирип калдык. Эртеңибиз эмне болот? Кайда барып, баш калкалайбыз? Ал да табышмак. Жашым 47де, төрт баланын жалгыз бой энесимин. Улуу кызым Айдана 25те. Турмушка узаттым эле, жолдошу менен оту күйүшпөй бир баласы менен кайра баса берди. Андан кийин 14 жана 12 жаштагы Аксана, Уулкан аттуу кыздарым бар. Алар калаадагы интернаттардын биринде окуп жатышат. Көкүрөк күчүгүм Кайратбек он эки жашка чыкты. Ушул уулум бир жашка чыкканда жолдошум менен пикир келишпей эки айры жолго түшкөнбүз. Жалгыз өзүм төрт баламды чоңойтуп, бутка тургузуу үчүн Ноокат районунун Көк-Бел айылынан жумуш издеп, Ош шаарына көчүп келдик.

Билимим жок. Орто мектепти аяктаарым менен эле турмушка чыгып, бала төрөп, атайын бир кесипке деле ээ боло албадым. Турмуш кыстап, Ош шаарына көчүп келген соң кандай жумуш чыкса иштеп, балдарымдын курсагын тойгузуп жүрдүм. Идиш, пол жууп иштедим, кыскасы колдон келген жумуштун баарын ылгабай иштеп кете берчүмүн. Антпеске айлам да жок эле. Үй жок болгондуктан калаада төрт баламды жетелеп, батирден батирге көчүп-конуп жашап жүрдүк.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваӨзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан коюлган темир жайларда сегиз бүлө күн кечирүүдө
Условия жизни многодетной матери одиночки Алмакан Туратовой - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан коюлган темир жайларда сегиз бүлө күн кечирүүдө

"Ач болсоң да тынч бол"

"Ач болсоң да тынч бол" деп бекеринен айтпайт тура. Каргашалуу июнь окуясынын кесепетинен майыпка айланып, ушул күндү көрүп жатам. 2010-жылы 10-июнь күнү жумушта элем. Ошол кездеги "Ош" кафесинде тамак ташып иштечүмүн. "Тополоң башталыптыр" деп суук кабар уктук. Көп өтпөй эле желкемден бирөө кармап туруп, түртүп жиберди. Бетим менен жерге жыгылып, эс-учумду жоготуптурмун. Андан кийин эмне болгонун билбейм. Шаардык ооруканадан эсиме келип, балдарымды издеп баштадым. Ошондо калаадагы Мырзалим көчөсүндө батирде турчубуз. Төрт баламды тополоңдо шаардык бийлик "Жаштык" лагерине алып барып жайгаштырыптыр. Ооруканадан чыгып мен да балдарым менен кошо лагердин бир бөлмөсүндө жашап калдым. Полдору тешилген, келемиш баскан караңгы бөлмөлөрдө алты жыл жашоого туура келди. Башка бараар жайыбыз болбогон соң ошондой шартта жашаганга деле ыраазы элек. Биз менен кошо ал жерде бараар жери жок үй-жайсыз 24 үй-бүлө болчу. Өткөн жылдын жай айларында калаа бийлиги бизди аталган лагерди "иштетебиз" деп чыгарып салышты. Төлөйкөн айылына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чатырларды тигип берди. Чатырларга көчүп чыгып, жети айга жакын жашадык. Алгачкы кар жааган күнү ӨКМ вагондорду алып барып, ошондон баштап темир үйдөбүз. Сууну каналдан ташып ичебиз. Бир бөлмөлүү вагондо төрт балам, неберем, өзүм — жалпы алты адам болуп күн кечирип жатабыз.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваМындай шартта жашагандар ооруп калбайт деп эч ким кепилдик бере албайт
Условия жизни многодетной матери одиночки Алмакан Туратовой - Sputnik Кыргызстан
Мындай шартта жашагандар ооруп калбайт деп эч ким кепилдик бере албайт

"Октун чачырандылары тийип майыпка айландым"

Жергиликтүү дарыгерлер мени борборго дарыланууга жиберишти. Адистер "октун чачырандылары тийип, башымдын оң жагында калып калгандыгын" айтышты. Нервден да ооруп, талмага кабылдым. Кез-кезде кармап калат. Узак убакыт бою дарыланып жүрүп, беш жыл өткөн соң "III топтогу майып" деген аныктама чыгарышты. Анын негизинде миң сом жөлөк пул алам, аным дарыланууга кетет. Майыптыгыма чектелген акча жол киреме да жетпейт. Ал эми интернатта окуган эки кызыма 800 сомдон жөлөк пул алам. Ай сайын тапкан кирешебиз 2600 сом менен эптеп жан багып келе жатабыз. Майыпка айлангандан бери же туруктуу ишке албайт. Убактылуу жумушка иштейин десең ал деле жок. Күзүндө кээде той-топурда идиш жууп беш жүз сомдон алганым болбосо, башка эч кимден эч кандай жардам жок. Арманымды кимге айтам. Улуу кызымды "сен эми эптеп эки бир тууганыңа каралаш" деп борборго жибергем. Ашканада идиш жууп, тапкан акчасын салып турчу. Кышында ага да жумуш жок, акча да жардам кыла албай жатат. Кыштын чилдесинде электр плитасы менен эптеп өлбөстүн күнүн көрүп вагондо жашап жатабыз. Же отун-көмүрүбүз жок.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваВагон үйлөр Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылынын аймагында жайгашкан
Условия жизни многодетной матери одиночки Алмакан Туратовой - Sputnik Кыргызстан
Вагон үйлөр Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылынын аймагында жайгашкан

"Уулум менен неберем кургак учук илдетине чалдыкты"

Уулум Кайратбек акыркы жылдары көп ооручу болгон. Ооруканадан ооруканага которулуп жүрүп, акыры дарыгерлер "кургак учукка кабылган" деп аныктама коюшту. Көрсө, "Жаштык" лагериндеги бөлмөлөрдүн асты сыз тарткан, кышкысын муздак, терезеси жок, күн тийбеген караңгы бөлмөсүндө алты жыл бою жашап, баламдын иммунитети төмөндүгүнөн улам кургак учукка чалдыгыптыр. Ош шаарындагы Кургак учукка каршы күрөшүү борборунда эки айдан бери жатып, дарыланууда. Неберем Ырыскелди да кургак учук менен ооруйт. Ал аталган борбордо төрт айдан бери жатат. Контейнер үйүмдөн ооруканага чейин он чакырымды жөө басып келип кетем. Эки балама алып келгенге эч нерсем жок болсо да уулдарымды көрүм турсам, жүрөгүм жеңилдей түшөт.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЭэн талаадагы вагондо жашагандар сууну каналдан ташып ичишет
Условия жизни многодетной матери одиночки Алмакан Туратовой - Sputnik Кыргызстан
Ээн талаадагы вагондо жашагандар сууну каналдан ташып ичишет

"Коогалаңдын жабырлануучусу катары өкмөттөн батир сурадык"

Каргашалуу окуя басылаары менен жабырлануучулардын катарында мен дагы өкмөттөн батир сурап документтеримди тапшыргам. Майыптыгым калп эмес, колумда бардык тиешелүү документтерим бар.

Турак жайын көчкү басып калган үй-бүлө 7 баласы менен сыз тамда жашап жатат - Sputnik Кыргызстан
Турак жайын көчкү басып калган үй-бүлө 7 баласы менен сыз тамда жашап жатат
Тиешелүү адистер документтерибизди карап чыгып, Араван районундагы Ачы массивинен жер тилкесин бөлүп берди. Аталган аймакка турак жай курууга чама-чаркым келбей, бул вагондон башка бараар жерим жок. Уулум болсо жаш, жолдошум жок, курулуш каражаттарын да сатып алууга мүмкүнчүлүгүм жок…

Азыр кыш өз өкүмүн сүрүүдө. Темир үй эмес, шарты бар, жылуулук киргизилген тамда жашагандар ызгаардуу суукту жон териси менен сезип турган чагы. Бул үй-бүлө кыштан кантип чыгар экен деген түйшөлүү менен Төлөйкөндөгү талаадан узап бараттым.

Жаңылыктар түрмөгү
0