Үшүкчөөл шаардыктарды Нарынга, Суусамырга же Алайга жөнөтсөк кантет, ыя?

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЖизнь в деревне Чаек
Жизнь в деревне Чаек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы эки күндөн бери бишкектиктердин үшүн алган кабар "30 градуска чейин жеткен суук" да болду.

Көпчүлүктүн шаңы менен биз деле шашып-бушуп жаңылык жазып чуру-чуу эле түшүп калдык. Шаардагы болгон кызматтарга чалып, "даярсыңарбы", "чыдайсыңарбы" деп алка-жакадан алып сурап кирдик. Ошол суук шаардыктардын баарын шыпырып кетчүдөй болуп жөн эле ызылдадык…

Кыштын кыштай эле болгону оң. Кыш келгенде, кар түшкөндө суук болот, болгондо да чыкылдайт. Муну чилде дейт. Чилдесиз кыш болбойт. Кыштын көркү балпылдап жааган, басканда кычыраган карда, бети-башты чымчылаган аязда.

Бишкекте көмүрдү кайдан жана канча сомго алса болот? Карта - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте көмүрдү кайдан жана канча сомго алса болот? Карта
Бирок теңиртоолуктар, суусамырлыктар, алайлыктар, чаткалдыктар, кара-кулжалыктар, тогуз-торолуктар, айтор, тоолуу аймакты мекендегендер атам замандан бери эле кышкы чилдеде 40 градус суукка "кың" дебей жашап келе жатышат. Бишкектиктерден айырмаланып, ал жактагылар ошол ызгаар суукта сыртка чыгып жумушун жасайт, малын жайлат. Эшикте болсо 30-40 градус суук. Кыйкырып чыкса, мына, ошолорго жарашмак. Антишкен жок… Наалып, кейип-кепчибей эле оокатын кылып жатышат.

Мисалы, мен Нарындын, болгондо да Ат-Башынын 40 градус аязында жүрүп эле чоңойгом. Тыштагы суукка карабай көк муштум болуп тоңуп калганга чейин сайга барып муз тепкен күндөр "Бишкекти каптачу сууктан" улам эске түштү. Чанага чалкалап да, көмкөрөбүздөн да жатып, чекчейип отуруп да алып дөңдөн ылдый муз тээп сайга түшкөн күндөр көз алдымда кудум ошондогудай турат. Багалектин, билектин суу болгонуна да кайылсың. Шоктугубуздан темирди "ооп" жиберип, тилибиз жабышып калган учурлар канча дейсиз. Кечинде күүгүм киргенде гана чананы сүйрөп, колду улам-улам үйлөп жылытымыш болуп, көк муштум тейде үйгө келесиң.

Ошол учурда ызгаар аябай болуп, кар калың түшчү.

Мен жашаган Калинин айылында кышында 30-40 градуска чейин суук — бул кадимки эле көрүнүш. Айылдыктардын баары мал кармайт. Күздө камдаган чөп жазга чейин жетсин деп малды талаага чыгарышат. Күн жаңыдан чыгып келе жатканда тумакты башка, чокойду бутка кийип малды эртең менен эрте талаага, токойго айдайбыз. Жылкылар үйүрү менен талаада жер тээп оттоп жүргөн болот. Алардын бышкырганда мурдунан чыккан буу өзгөчө көрүнөт.

Айылдагы үйдө абанын температурасын өлчөгөн термометр короодо дайыма илинип турар эле. Кээда атам "суук 45 градустан ашып кетиптир, малды талаага айдабай эле чөп салып короодо кармайлы. Суу кечкен немелер үшүп калат" деп калчу.

Эми кайтадан Бишкекти каптай турчу суукка кайтсак. Шаарда айылдан айырмаланып, көпчүлүк үйлөрдө борбордук жылуулук системасы бар. Мындан кыйналышы мүмкүн делгендерге жаңы конуштарды кошсок болчудай. Ошентсе деле алар айылдагыдай болуп кышында отун жарып, көң, көмүр деле ташыбайт. Базарга барсаң баары белең, каалаганыңды сатып алып жага бересиң.

​Андыктан кичине сууктан улам чуру-чуу түшүп, кыямат кайым болчудай ызылдай берүүнүн кажети жок. Бир аз чыдамдуу бололучу.

​Ии, баса, бул эмнени эле жазып салган деп итатайы тутулуп, кабагы түйүлүп калгандарга жылуу кийингиле, үшүк алып кетсе жаман болот дейбиз. Анан ӨКМдин сунушун окуганды унутпагыла.

Жаңылыктар түрмөгү
0