БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы көпчүлүк зер буюмдар чет өлкөдөн алып келинет. Мындай жыйынтыкты Каржы министрлигинин алдындагы баалуу металлдар департаменти чыгарды.
Маалыматка караганда, департамент кайсы өлкөгө өндүрүлгөнүнө карабай ар бир жаңы келген зер буюмга белги коюп чыгат.
Былтыр Кыргызстанда жалпы массасы 135,5 килограммга жеткен 54 миң даана зер буюм чыгарылган. Ушул эле учурда чет өлкөлөрдөн 69,7 миң алтын буюм кирген. Импорттолгон зер буюмдардын салмагы 400 килограммга жеткен.
Ал эми күмүш буюмдар жагынан айтсак, Кыргызстанда 18 миңден ашык сөйкө-шакек жасалса, сырттан келгендердин өлчөмү 115 миңге жеткен.