"Шумкар-Төр" коругу аймактагы жан-жаныбарларды сактоо максатында беш жыл мурун ачылган. Корукту марал, элик, каман жана сейрек кездешкен канаттуулар байырлайт.

"Шумкар-Төр" коругу беш жыл мурда ачылган

Бул жерди болжол менен 200дөй тоо эчки байырлайт

Sputnik Кыргызстан агенттигинин тартуу тобу корукту кыдырууда

Асманда шаңшыган бүркүт

Кыргоол. Бул канаттуунун түркүн түскө бөлөнгөн канаттары караган сайын сугуңду арттырат

Көздүн жоосун алган кокту-колот

Тоо боорунда оттогон эликтер

Коруктун кызматкерлеринин айтымында, эликтер өтө сак болот. Аны жакындан чанда гана көрөсүң. Көбүнесе дүрбү салып карашат

"Шумкар-Төр" коругунун кызматкери Урмат Абыканов

Коруктун аймагына кээде аңчылар менен браконьерлер келерин кызматкер жашырган жок. Эгер аларды кармап калышса, милицияга өткөрүп беришет

Корукту кайтаргандар ошол жерде жашашат

Түнкү асман, жымыңдаган жылдыздар көңүлдү көтөрөт