Ошто үй ээсине тапанча такап, аялын байлап 222 миң долларын карактап кетишти

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСтритрейсеры на ночных рейдах по поиску "банды ГТА"
Стритрейсеры на ночных рейдах по поиску банды ГТА - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каракчылар үйгө киргенде жубайлар эки жаш баласы менен болушкан

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Ош шаарында үй-бүлөнү ири суммадагы акчасын карактап кеткендер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 2017-жылы 29-декабрда саат 22:30дар чамасында азиат улутундагы беткап кийген белгисиз кишилер Ак-Тилек кичи районундагы үйлөрдүн бирине кол салган. Алар 32 жаштагы үй ээсин тапанча жана бычак менен коркутуп акча талап кылышкан. Үйдө кожоюндун аялы жана эки баласы болгон. Аялдын колу-бутун байлап коюшкан.

"Кылмышкерлер үйдөн сейфти таап, аны көтөрүп кетишкен. Алынган маалымат боюнча анын ичинде болжол менен 10 миң доллар, 560 миң рубль (10 миң доллардай) жана 14 миллион сом (202 миң доллардай) жана документтер болгон. Каракчылар үй ээсинин Honda Fit автоунаасы менен белгисиз тарапка кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле күнү Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси ("Каракчылык") боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү кишилердин ким экени аныкталган. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча шаарда жана аймактарда атайын операция өткөн.

Случаи похищения людей - Sputnik Кыргызстан
Сузакта аялдын колу-бутун байлап, алтын буюмдарын чечип кеткендер кармалды
"16-январда Ош шаардык милициясы жана ИИМ тарабынан аталган кылмыш ишин жасады деген шек менен 1992чи жана 1993-жылы туулган үч жаран кармалды", — деп айтылат ИИМ тараткан билдирүүдө.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда далил катары жалпысынан 4,7 миллион сом табылган.

Учурда кылмышке шектүүлөрдүн калгандарын кармоо боюнча аракеттер көрүлүүдө. Тергөө амалдары уланууда. Кармалган жарандар камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0