БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Шейшемби күнү айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй, Талас жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө —1…-6 градус суук болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 3 градус сууктан, 2 градуска чейин күн жылыйт. Нарын облусунда болсо —7…-12 градус суук болот.
Бишкек шаарында мезгил мезгили менен кар жаап, 5 градус суук болсо, Ошто 2 градус жылуу болушу күтүлөт.