Ошто күйүп кеткен үйдүн кожоюну киши колдуу болгону аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү
Бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Ош шаарынын Ош көчөсүндө жайгашкан турак жайдын чатыры өрттөнүп, үй ээси каза тапканы айтылган

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бүгүн түнү Ош шаарынын 61 жаштагы тургунун өз үйүндө өлтүрүп, турак-жайын өрттөп кетишкенин Ош ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин шаардын Ош көчөсүндө жайгашкан турак жайдын чатыры өрттөнүп, үй ээси каза тапканы айтылган. 

"Кырсык болгон жерде 61 жаштагы үй ээсинин күйүп кеткен денеси табылды. Анын бетинде соккунун тактары, кѳкүрѳгүнүн сол тушунда миздүү нерсенин кирген изи табылды. Ошондон улам маркум киши болдуу болгон деп аныкталды", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Анын 56 жаштагы жубайы Тез жардам кызматы менен оорукананын жандандыруу бѳлүмүнѳ жеткирилген.

Питейные заведения Москвы - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте аялды өлтүрүүгө шектелип эки киши кармалды
"Аялдын алгачкы кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда, болжол менен 1.20 чамасында белгисиз адамдар үйгө кирип келишкен. Алар светти өчүрүп алып күйѳѳсүнѳн акча талап кылышкан. Ал эми аялын бир нече ирет урганда, ал эси ооп жыгылган. Ошол маалда аны өлүп калды деп ойлошуп, күйөөсүн дагы сабап туруп, үйгө от жагып кетип калышкан", — дешти милициядан.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (Адам ѳлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0