БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Ош шаарынын Ош көчөсүндө жайгашкан турак жайдын чатыры өрттөнүп, үй ээси каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 128 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган тамдын чатыры, үйдүн бир бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен. Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар 61 жаштагы кожоюндун сөөгүн табышкан.
"Өрт турак жайдын жанында жайгашкан үйгө да өтүп, анын 10 чарчы метр жыгач устундуу темир жабылган чатыры күйгөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда өрттүн себептери такталып жатат.