Ошто жаңы жылда кантип көңүл ачса болот. Оюн-зоок, кино, спектаклдердин тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы жылдык майрамдагы өспүрүм кыз. Архив
Жаңы жылдык майрамдагы өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин тапшырмасы менен уюштурулуп жаткан бир жумалык майрамдык иш-чаралардын тизмеси жарыяланды

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы жаңы жылдык иш-чаралардын тизмесин жарыялады. Анда кааладагы жалпы майрамдык оюн-зооктордун программасы, театрлардын репертуарлары жана кинотеарлардагы сеанстар көррсөтүлгөн.

25-декабрь

Гуляйте по новогодней площади Бишкека, не вставая с дивана - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо" аянтынын жаңы жылдык жасалгасын үйдөн чыкпай көрүңүз
12.00 — "Келечек" балдар чыгармачылык борборунда "Мэрдин балатысы" өтөт. Программа "Сыйкырдуу жомок" деп аталат. Оюн-зоокко шаардын мектеп-интернаттарынан, балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунан, балдар үйлөрүнөн жана билим берүү мекемелеринен чакырылган 155 бөбөк катышат. Кичинекейлерге берилүүчү белектерге мэрдин өздүк фондусунан 150 миң сом акча бөлүнгөн.

14: 00-16:00 — Шаар мэри Аймамат Кадырбаев Ош шаарында жайгашкан балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына жаңы жылдык белектерди тапшырат.

18:00 — Мэрдин жаштарга арналган жаңы жылдык кечеси уюштурулат. Ага Ош шаарынан 500гө жакын мыкты окуган студенттер, эл аралык таймаштарда байгелүү орундарды багындырган спортчулар, жаш депутаттар, жаш ишкерлер, ишкана-уюмдарда жана ЖМК тармагында эмгектенген жаштар чакырылган.

31- декабрь

14:00-16:00 — Борбордук аянтта жаңы жылды тосууга арналган майрамдык программаны шаардык билим берүү башкармалыгынын чыгармачылык тобу баштайт.

16:00-17:00 — №1 Саид Бекмуратов атындагы балдар музыкалык мектебинин жаңы жылды тосууга арналган концерттик программасы уланат.

Ала-Тоо аянтындагы шаар тургундары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар жаңы жылда канча күн эс алары белгилүү болду
Ош шаардык маданият башкармалыгынын колдоосу менен балдар үчүн цирк өнөрпоздорунун шоу-программасы тартууланат.

17:00-18:00 — Пётр Чайковский атындагы искусство мектебинин жаңы жылдык концерти башталат.

Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облусттук филармониясы жыңы жылдык концерттик программасын тартуулайт.

18:00- 19:40 — Ныязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын чыгармачылык тобу жаңы жылдык концертин баштайт.

Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек драма театрынын кызматкерлери жаңы жылдык концертин тартуулайт.

19:40-20:00 — Ош шаардык маданият башкармалыгынын алдындагы чыгармачылык топторунун жаңы жылдык иш-чаралары калаа тургундарына тартууланат.

20:00- 20:10 — Борбордук аянтта жаңы жылдык шоу-программанын негизги бөлүгү башталат.

20:15-20:25 — Жаңы жылдык фейрверк.

Бишкектин Ала-Тоосунда башкы балатынын оту жанды. Жомоктогудай көрүнүш - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин "Ала-Тоосунда" башкы балатынын оту жанды. Жомоктогудай көрүнүш
20:25-20:40 — Ош шаардык маданият башкармалыгы чоң программадагы жаңы жылдык оюн-зоок концерти улайт. Шаардагы белгилүү ырчылардын, чыгармачылык топтордун жаны репертуардагы хит, шлягер, шансон ырлары тартууланат.

20:40-22:00 — Ош шаардык Жаштар комитетинин чыгармачылык тобу жаштар үчүн жаңы жылдык бий кечеси болот.

22:00-00:00 — "Жаңы жыл- 2018" майрамдык оюн-зоок программасы аяктайт.

Ош шаарындагы маданий-эстетикалык багыттагы мекемелердин жаңы жылга карата шаар тургундарына даярдаган программасы төмөндөгүдөй:

Султан Ибраимов атындагы Ош облустук улуттук драма театры:

29 — 30-декабрь, саат 17.30  — "Мыскыл жана тамаша" чоң программадагы концерт тартуулайт.

31 — декабрь, саат 10.00 — Балдардын бал-маскарады өткөрүлөт.

Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек драма театры:

24-декабрь, саат 14.00 — Өзбекстандын ырчысы Аташ Хижрандын концерти.

20-31- декабрь "Зумрад-Кымбат" деп аталган жаштар үчүн музыкалык спектакль коюлат.

KINOBOX кинотеатры:

— 20-31- декабрь, 3 сеанс, "Цепной пес";
— 20-31- декабрь, 4 сеанс, "Звездные войны";
— 21-31- декабрь, 1 сеанс, "Смех и грех";
— 21-31- декабрь, 2 сеанс, "Счастливого дня смерти";
— 21-31- декабрь, 3 сеанс, "Елкий новые";
— 21-31- декабрь, 8 сеанс, "Джуманджи".

"Ак Буура" кинотеатры:

— 21-31- декабрь, 5 сеанс, "Бунт" кино комедиясы;
— 21-31- декабрь, 3 сеанс, "Бажарики 2" кинокомедиясы;
— 21-31- декабрь, 4 сеанс, "Арстан изи" көркөм фильми.

Жаңылыктар түрмөгү
0