БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Доллардан баш тартуу саясатына карабастан, америкалык валютанын Кыргызстан үчүн маанисин баалоо кыйын. Товарлардын көпчүлүгүн өлкө сырттан ташыйт, болгондо да долларга сатып алат. Биздин өндүрүмдөр чет элдик валютага сатылат, ал менен сырткы карыз төлөнөт.
Каржы министрлиги кийинки жылдын мамлекеттик бюджетин 71,6 сом курсу менен эсептеди, бирок мекемеден бул эсеп көрсөткүчү анык курска эч кандай тиешеси жоктугун эске салышты (адатта ал дайым жогору).
"Чындыгында курс андан төмөн да болушу ыктымал. Мамлекеттик карыз боюнча да төлөмдөр бар, алар чет элдик валютада жүргүзүлөт, ал эми бюджет сомго эсептелген. 71,6 сом – "коопсуздук чарасы", — деп түшүндүрүштү Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан.
Доллар кымбаттайт
Кыргызстандагы чет элдик инвесторлор ассоциациясынын директору Искендер Шаршеев доллардын арзандашына караганда өсүшүнө негиз көп деп эсептейт.
"Социалдык толкундоо болуп кетпесин деп азыр курсту атайын жөнгө салып турушат. Сезондук фактордон — күйүүчү-майлоочу май жана башка импорттук товарлар боюнча төлөмдөрдөн улам доллардын анык куну – 72-74 сом.
Жыл ичинде чет элдик валютанын курсуна кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдын кайталанып калышы да таасир этиши мүмкүн дейт ал. Дагы бир маанилүү фактор катары АКШнын Федералдык резерв тутумунун дээрлик жаңы башчысы Джером Пауэллдин (ал жакында аталган кызматка бекитилет) иш-аракетин белгилөөгө болот.
"Эгер ал акча санын жогорулатуу саясатын жарыяласа, анда доллар арзандайт, башка нукта кетсе — күчү бекемдейт. Бирок, Пауэлл бир аз мурдараак мамлекеттик ипотеканы каржылоону жогорулатуу сунушун кыйыткан. Ошол себептен, балким, курс мурдагы калыбында сакталып калышы да ыктымал", — дейт Шаршеев.
Олуттуу өзгөрүү болбойт
Экономист Нургүл Акимованын пикиринде, эмдиги жылы долларга ашкере талап деле болбойт. Себеби, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сымал ири иш-чаралар буга тартылган жергиликтүү ишкер жана ишканалардын (подрядчиктердин) көмөгү менен өткөрүлөт. Демек, ири чет элдик валютанын чыгышы күтүлбөйт.
"Чет элдик каражаттардын – грант жана насыялардын эсебинен улуттук валюта күчтөнүшү мүмкүн. Ошондой эле экспорттук дарамет да капиталдын чыгышына карата ыкчам бекемдеп барат. Бул кайра иштетүүчү ишканалардын көбөйүшүнө жана мигранттар тарабынан жөнөтүлгөн каражаттардын өсүшүнө байланыштуу", — деп санайт Акимова.
Анын айтымында, жогоруда айтылгандардын баары 2018-жылы доллардын куну олуттуу өзгөрүүгө дуушар болбосутугун билдирет. Бирок, керектөө деңгээли жана инфляция өскөн шартта сом бир аз арзандашы да ыктымалдыгын эскертет экономист.