Кесиби боюнча немис тилинен мугалим кыргызстандык саякатчы 47 жашта. Акыркы он жыл туризм тармагында эмгектенип келет. Дүйнөнү кыдырууну максат кылган Азимов менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги баарлашты.
— Биз саякат дегенде көбүнчө Европа өлкөлөрүн, деңиз жээктерин элестетебиз да. Сиз кантип Африкага барып калдыңыз?
— Албетте, мен деле алгач кошуна Тажикстан, Казакстан жана Афганистанды кыдырдым. Каражат жана мүмкүнчүлүк пайда болгондо Европага саякаттай баштадым. Германия, Франция, Голландия сыяктуу бир топ өлкөнү көрдүм. Европа өлкөлөрүнүн кооздугу, өнүккөн жана таза шаарлары кызыктырчу. Бирок кийинчерээк алардын да кызыгы кете баштады. Адамдар аз жашаган, жаратылышы кооз өлкөлөргө барууну самай баштадым. Өзүм немис тилин жакшы билгендиктен өлкөгө келген туристтерге котормочулук кылчумун. Ошол туристтердин бири менин саякатка кызыгаарымды билген соң мага Намибия тууралуу айтып берди. Андан ар кандай маалыматтарды алган соң Африкага болгон кызыгуум күчөй баштады. Ошентип Африкага барууну чечтим.
— Биз Африка өлкөлөрү жөнүндө сыналгыдан эле көрөбүз да. Кыдырган өлкөлөрүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
— Мен Африканы экиге бөлөт элем. Көбүнчө арабдар жашаган Түндүк Африка жана кара терилүүлөр жашаган Түштүк Африка. Мени саякатчы катары Түштүк Африка көбүрөөк кызыктырды. Намибия, Ботсвана жана Зимбабве өлкөлөрүн 29 күн кыдырдым. Бул өлкөлөргө көбүнчө европалык туристтер жаныбарлардын түрлөрүн көргөнү келишет экен. Туристтерди Big five (Чоң бешилтик) жаныбарлар топтому кызыктырат. Булар пил, жираф (акыра — ред.), буйвол, кабылан жана арстан. Көпчүлүк саякатчылар ушуну менен гана чектелишет. Мени болсо аймактын адамдары, маданияты, жергиликтүү калктын жашоо-шарты абдан кызыктырды. Ошондуктан өз алдымча чөлдү карай бет алдым. Намибиянын борбор шаары Виндхук Бишкекке окшош эле экен, бир гана жолдору биздегиге караганда алда канча жакшы. Бирок алыскы токой жана чөлдөрдө жашаган жапайы калк биз сыналгыдан көргөндөй эле жашайт экен.
— Турмуш шарты кандай экен?
— Бөтөн өлкөнү жалгыз кыдыруу кыйын эмес бекен?
— Көп деле кыйынчылык туудурган жок. Өзүм чогулткан маалыматтар аркылуу кыдырып жүрдүм. Виндхук шаарында унаа ижаралап, баштан-аяк ошол унаа менен саякаттадым. Туризм тармагында иштеген жергиликтүү адамдар англис тилин билишет. Алардан мен бара турган уруулардын керектүү сөздөрүн үйрөнүп алгам. Ошондуктан алар менен жакшы тил табыша алдым. Менин бет түзүлүшүм дагы европалыктарга окшобогондуктан, жергиликтүү калкка мен дагы кызыктуу болуп жаттым.
— Кандай кызыктуу окуяларга кабылдыңыз?
— Туристтерге жергиликтүү калкты сүрөткө тартууга уруксат берилбейт. Мен биринчи жолу Африкага баргандыктан мындай мүмкүнчүлүктү коё бергим келбеди. Сүрөткө тартайын десең 10 доллар сурашат экен. Мен башкача жолун таптым. Алгач алардын кичинекей балдары менен ойнойм. Анан балдардын бирин сүрөткө тартам. Жанымда көтөрүп жүргөн кичинекей принтерден сүрөтүн чыгарып берем. Ал чуркаган бойдон үйүндөгүлөргө көрсөтөт. Чоңдору чыгып мени тарт дей башташат. Коё бербей бийлеп, ырдап беришет. Токтогон жеримде алар менен ырдап-бийлеп жатып, бир күн кечке жүргөн убактарым да болду.
— Тамак-аш жагынан кыйналган жоксузбу?
— Туристтер кадимкидей биз билген эле тамактарды жешет. Жолдо жүргөндө тамакты өзүм жасап жейм. Унаада муздаткыч, газ жана ашкана буюмдары бар. Ошондуктан тамактан кыйналбадым. Ал эми жергиликтүү калктын тамагы жаккан жок. Тамакка чакыргандан сыйлап эле ооз тийип коём. Бирок эч кандай даамы жок тамактар экен.
— Өзүңүздүн жашооңуз кандай болду?
Мен барган үч өлкөнүн арасынан Намибияга барууну сунуштайт элем. Себеби Намибия коопсуз жана каражат жагынан да ыңгайлуу экен. Эч кандай визанын кереги жок. Жергиликтүү калкы да абдан кызыктуу. Жалпысынан бул өлкөнү кыдырууга эки жума жетет. Эгерде чындап эле саякаттоону кааласаңыз маянаңыздын бир бөлүгүн сактап коюңуз. Той-ашка эле акча корото бербей, жер көрүү үчүн да аракет кылыңыз.
— Жалпысынан канча каражат керек?
ЖМКлардан Африкада туристтерге кол салуу же барымтага алуу болгондугун көп окуйбуз. Бирок азыр жергиликтүү калк туристтердин пайда гана алып келерин түшүнүп калган. Ошондуктан коркуу сезими болбошу керек. Албетте, кечинде көчөгө чыгуудан, жалгыз жүрүүдөн алыс болуу керек. Аны менен бирге безгек оорусунан этият болуу керек. Өлкөгө бараарың менен атайын дары-дармек ичип, ийне сайдырып алуу абзел.
Мен ар бир саякаттан мээме көптөгөн нерсени "жүктөп" келем. Сыртка чыкканда өзүң менен өзүң болуп көп нерсени ойлонууга шарт түзүлөт. Четте жүрүп мекенге болгон сыйың, сүйүүң көбөйө баштайт.