БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. 11-декабрь күнү эртең менен борбор калаанын мектеп окуучулары кайрымдуулук акциясын уюштуруп, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине жардам беришти. Бул тууралуу "Абиров" коомдук фондусунун алдындагы долбоордун координатору Айбек Ашимов билдирди.
Анын айтымында, окуучулар кызматкерлердин ишине жардам берип, андан кийин кофе жана таттуулар менен сыйлашкан.
"Мектеп окуучулары "тазалыкчылар" ишке чыкканда "Ала-Тоо" аянтына саат 5.30да келишти. Биргеликте аймакты тазалап, андан кийин кызматкерлерди ысык чай жана кофе менен сыйлашты. Ал эми "тазалыкчылар" болсо жашоосу жана иши тууралуу айтып беришти", — деп билдиришти фонддон.
Ашимовдун айтымында, бул бир жолку гана иш-чара эмес, жакынкы аралыкта акцияны кайрадан өткөрүү пландалып жатат.