Салмак кошкон кыргызстандыктар көбөйүп баратат! Себебин диетолог түшүндүрдү

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүСулуулук сынагынын катышуучусу. Архив
Сулуулук сынагынын катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар сырткы келбетине өзгөчө кам көрө башташты. Жалгыз аялзаты гана буга ашыкпастан, чымыр жана келбеттүү болуу көпчүлүктүн көздөгөнү болуп барат. Sputnik Кыргызстандын редакциясы өлкөдөгү тамактануу өлчөмүндөгү өзгөрүштөр жана анын канчалык туура экендиги жөнүндө диетологдордон сурап билди.

Адегенде кыргыздардын тамактануу өлчөмү 100 жылда кандай өзгөргөндүгү туурасында гана маек алууну пландаганбыз, бирок, аңгемелешүүбүз тереңдеп кетти. Спорт боюнча диетолог, Алекс Бергдин арыктоо борборунун жетекчиси Алексей Макушенко (каймана ысымы – Алекс Берг – Ред.) ашкана гана өзгөрбөстөн, кандай азыктардын зыяны артканын айтып берип, туура тамактануу боюнча кеңештерин да аяган жок.

© Фото / Алексей Макушенко Спортивный диетолог Алексей Макушенко
Спортивный диетолог Алексей Макушенко  - Sputnik Кыргызстан
Спортивный диетолог Алексей Макушенко

— Алексей Алексеевич, айтсаңыз, соңку 100 жылда тамактануу өлчөмү өлкөдө канчалык өзгөрдү?

Оорукана кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар көп ишенген медициналык 7 аңыз
— 100 жыл чоң мөөнөт. Тамактануу негизинен ар бир 3-5 жылда өзгөрүп турат. Азыр биз жеп жүргөн тамактар бир кылым башта жок эле. Азыркы тамактардын басымдуу бөлүгү жарамсыз жана ар кыл дарттарга кабылтат. Анын себеби, ун менен канттын арзандыгынан улам көп азыктарда камтылат. Даамын да чыгарат. Маселен, 100 жыл мурун бир жылда адам 2-3 килограмм гана кант жей алган, ал эми бүгүн дүйнөлүк диетологдордун маалыматы боюнча 100 килограммга чейин жеп коюшат. Мындай көрүнүш дененин майын салаңдатып, адамдын сырткы көркүн гана бузбастан, организмдин бүт биохимиясын өзгөртөт. Кандын курамында канттын деңгээли көтөрүлөт, натыйжада гормондук тутум бузулат. Жакында балдар менен да иштештим, алардын салмагы 96 килограммга жетиши да мүмкүн. Алардын организминин биохимиясы толугу менен өзгөргөн, себеби балдар ун менен кант жеп чоңоюшат. Эгер чоңдорго да жарамсыз азыктардан оолактап, эт, жер-жемиш жана жашылчага кайтуу керектигин айтып жеткире алсак, балдарга муну түшүндүрүү кыйын. Кандай кылуу керектигин эч ким билбейт.

— Эмнеге ун зыяндуу?

— Азыркы чактагы дүкөндөрдүн текчесиндеги нан менен 100 жыл мурункусун тең карайбыз. Бирок, ал кандай нан эле? Эч кандай химиялык жер семирткичсиз өстүрүлгөн данды кургатып, кабыгы жана үстүңкү катмары — эпидермиси менен кошо жаргылчакка салышкан. Минералдар жана витаминдер камтылган пайдалуу нан жасалчу. Бүгүн нан кандай жасалат: сырткы катмары алынып, эч кандай пайдалуулугу жок курулай калорийлер гана калат. Азыркы нан саламаттыкка зыян.

— Кыргыздардын азыктануусу мурдагыдан кандай айырмаланат?

— 100 жыл мурун кыргыздар жайлоодо багылган малдын экологиялык таза этин жеп, таза дан азыктарын жана жогоруда кеп кылган ден соолукка жарамдуу унду пайдаланышкан. Жашылча да болгон. Туура тамактануу деп ошону айт. Эт белок жана организмге зарыл болгон табигый майды камтыйт. Нандан минералдар менен клетчатканы алышчу. Организмдин бардык муктаждыгын толугу менен камсыз кылып турчу.

Врач-диетолог Бактыгул Иманкулова - Sputnik Кыргызстан
Диетолог Иманкулова: арыктоонун бир гана формуласы бар...
Эт боюнча азыр суроо көп. Маселен, азыр тооктун төшү пайдалуу деп саналат. Бирок, азыр тоокко, бодо малга да гормон жана антибиотиктер сайылары туурасында ар кандай маалыматтар бар. Алардын баары биздин организмге кирет. Койдун эти жакшы экендигинен шегим жок, себеби, бизде койлор жайлоодо багылат эмеспи. Сүт — курамы жана сапаты боюнча экинчи орундагы белок. Мурда фермерден сатып алчумун, бир нече сааттан кийин ал ирип кетчү. Бул сүттүн тазалыгын тастыктайт. Ал эми азыр болсо дүкөндөрдөгү да, фермерден алынган сүт да бир нече күн сакталат. Демек, курамында иритпей турган кошумчалар бар. Жумуртка — эң мыкты белок, кынтыксыз азык, бирок, бул да жүз жыл мурун эле. Ошентсе да жумуртканы баары бир жеш керек, анткени, кемчилигине караганда артыкчылыгы арбын.

— Бизде өстүрүлгөн жашылча-жемиштин сапаты боюнча эмне дей аласыз?

— Биз химиялык жактан өнүкпөгөн өлкөдө жашаганыбыз дурус. Жергиликтүү өрүк, балык жана Ысык-Көлдүн алмасы сымал мыкты азыктарыбыз бар. Сырттан келген жемиштердин сыртын аарчып салуу абзел, анткени алар көпчүлүк учурда иштетилип чыгат.

— Эгер туура түшүнгөн болсом, азыр азыктардын саны арттыбы?

— Тагыраагы, алардын аталышы арбыды. Азыктар көбөйгөн жок, көркөмдөй мисал келтирсем, 100 жыл мурун ботконун килосу 10 кишиге бөлүнсө, азыр ошол эле өлчөм алдаканча көп кишиге берилет. Баарына жеткирүү үчүн ботконун курамына ар кыл азыктарды кошушат.

— Кыргыздардын тамактануусунда дагы кандай өзгөрүүлөр орун алды?

5 жылдык иш тажрыйбасы бар косметолог Айнура Сагынбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Косметолог Сагынбаева: ботокс жасатам деп эркектер да көп келе баштады
— Жергиликтүү азыктардан балык жана козу карын кеңири тарап баратат. Кыргыздар менен көптөн бери иштешем, алардын бул багыттагы чоң көйгөйү – байыркы кездегидей тамактанышы. 100 жыл мурун кыргыздар эртеден кечке чейин кой багышкан, дайым кыймылда болушкан. Кечки тамакты кеч ичишкен. Бирок, эртеси таңда бардык эркектер кайрадан жайлоого чыгып, аялдар суу ташып, үй оокаты менен алышкан. Ал эми бүгүн адам үйдөгү дивандан туруп, машинесинин орундугуна, андан түшүп жумушундагы олтургучка олтурат. А бирок, азыктануу адаттары мурдагы калыбында. Тамактардын көпчүлүгү ун менен кантты камтыйт, анан адам аябай толуп кетет.

— Туура тамактануу боюнча беш кеңеш берсеңиз

— Күнүнө кеминде 10 миң кадам басуу зарыл. Адамдар таза сууну ичпей калышты, салмактын ар бир килосуна 30 граммдан ченеп ичүү керек. Таза койдун этин, балык, жумуртка жана сүт азыктарын пайдаланып, күн сайын жашылча жана жемиш жегенди унуткарбагыла. Бешинчиси — түнкү саат 12ге жеткирбей уктооңуз абзел, себеби ушул маалда организм кайра калыбына келе баштайт. Эгер бул режимди сактабасаңыз, анда организм калыбына келбей калат, көптөгөн адамдар өз саламаттыгын ушинтип талкалай беришет.

Жаңылыктар түрмөгү
0