00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:05
54 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Борцы, дохё и килограммы: как живёт сумо в Кыргызстане
08:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
"Өз жашооңдун баш каарманы бол!". Жашооңдун каарманы болуу өнүгүүбү же өзүмчүлдүкпү?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Новый закон о недвижимости: что изменится для арендаторов и владельцев квартир
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Советтер Союзу Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигине республикалык статус берүү каралууда
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Анимациялардын балдарга таасири жана жаныбарларды тууроо, реалдуулуктан алыстап, иллюзияда жашоонун себеби эмнеде?
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
ЦА под давлением: возможно ли сохранить мир в турбулентное время?
14:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Цемент көйгөйү. Курулуш материалдарына баалардын туруктуулугун сактоо жана алардын жетишсиздигинин себептери
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Өспүрүм менен ата-эненин мамилеси. Баланын жашоосуна кантип, качан аралашуу керек?
17:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Стройка идет, цены растут: что происходит с жильем в Бишкеке
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына арналган «Кара-Кыргыз» тарыхый сериалына даярдыктар кандай?
19:06
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
"Американская мечта" под микроскопом: успех, обман и выживание в прозе О. Генри
20:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Цемент көйгөйү. Курулуш материалдарына баалардын туруктуулугун сактоо жана алардын жетишсиздигинин себептери
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кар чачышып ойногон селкилерди сагындым...

© Sputnik / Табылды КадырбековКар ойноп жаткан кыздар. Архив
Кар ойноп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Баарыңыздарды кар ойноого чакырам!

Кыштын келгени, кардын жааганы башкаларга кандай таасир эткенин билбейм, бала чакта бизге түзүк эле пайдасын тийгизчү. Анткени кечинде балдар-кыздар аралышып чана тепкени чыгаар элек. Бул кыздар менен мамиле түзүүгө алда канча жардам берип, сүйүү романдары жаралчу. Ал эми мектепте жүргөндө классташтарыңды карга көөмп ойносоң, бир аз алың жете бербеген кыздарга алыстан кар атып тийишимиш болуп коёсуң. Ошол жерде кагып салса, ал сеники эместигин түшүнөсүң да башка жакта ойноп каласың. Эгер назданып гана тим болсо, калем сабыңды даярдап сүйүү каттарын жибере берсең болот. Эхх… Азыр кар жааган сайын ошол күндөрү эстеп жылмая берем. Анткени ушул карда менин балалык сүйүүлөрүмдүн бири жанданган. Өзүмдөн бир класс кийин окуган кыз менен жолугуунун амалын таппай жүрдүм эле, бир күнү кар тизеден жаап койду. Анан бизге кудай берди. Ал окуудан чыккандан кийин досторум курбуларын алаксытса, мен жанагы кызды үйүлгөн кардын үстүнө ыргытып, кар жаадырып салдым. Кайра аны колунан тартып тургузуп эч нерсе кылбагандай кийимине жабышкан карларды тазалоого жардам берип узатып койгом. Ошондон кийин бири-бирибизге жакындай түшүп, уялбай жолугуп турчу болдук. Кой, ушунчамда токтотоюн да кечээки күндүн маанилүү жаңылыктарына өтөйүн. Дагы бир аз жазсам редактор колумнистика деген рубрикага жиберип салбасын. Өзүмө эле кыйын болот, кайра башынан "Бурадар" жазыш керек.

Мен балалыгымда бир кызды карга ыргытып жүрөгүн багындырганым менен сүйүнүп жүрсөм Бишкектин жеткинчек хоккейчилери АКШга барып алтын медаль багындырып коюшту. Ушул жерде бир аз уяла түштүм.

Үйүңүздө жатып же жумушуңузда жылуу-жумшак отуруп эле паспорт алсаңыз болот. Эми кезек күтүп куурабайсыз. Ушул жагы жакшы болду. Менин жүрөгүмдүн үшүн алган нерсе документ чогултуу болуп саналат. Бир баскан жериңди 99 жолу басасың. Баса, өкмөт башчы Сапар Исаковдун паспортун да үйүнө жеткирип беришкен.

Өкмөт жашоону жеңилдетүүгө аракет кылып жатат. Сапар Исаков премьер-министр болгонуна кечээ 100 күн болду. Жаш жетекчи бул аралыкта кандай эмгектерди жасады деп сарасеп салдык.

Кызыл кулактарга алданбагыла! Өкмөт көмүрдүн чекене баасын аныктады. Кара алтын кайсы аймакта кандай баада сатылып жатканы тууралуу маалымат менен бул жактан тааныша аласыз. 

Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев, аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов жана Чубак ажы Жалилов кайдан окуп келген. Дин кызматкерлеринин билим алган мамлекетине иликтөө жүргүзүлдү.

Бүгүн айрым жерлерде кар жайт. Синоптиктер кыштын кыштай эле болорун айтышууда.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.68 (сатып алуу) жана 69.81 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.00 сом, ал эми дизель майы 39.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Аппак кар жан дүйнөңүзгө аруулукту алып келсин!

Кыздын кыздай, кыштын кыштай болушун каалап Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0