Үйдөн же жумуштан чыкпай эле паспорт алуунун жол-жобосу

© Sputnik / Табылды КадырбековВыдача новых биометрических паспортов в КР
Выдача новых биометрических паспортов в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматы адистерди чакыруу баасы канча болорун билдирди

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы эми паспортту үйдөн, же иш ордунан чыкпай туруп эле алууга болорун билдирди.

6-декабрдан тарта иштей баштай турган жаңы көчмө кызмат 10, же андан ашык киши болгондо гана чакырган жерге барып тейлөө көрсөтөт.

Мындай кызмат иштен колу бошобогондордун убактысын үнөмдөөгө жардам берет. Азырынча бул кызмат Бишкек жана Ош шаарларында калкты тейлөө борборлорунун ыкчам топтору аркылуу ишке ашат.

Адистерди чакыруу үчүн өзүңүзгө ыңгайлуу болгон убакытты тандасаңыз болот. Ал үчүн +996 (312) 58-60-60, (550) 07-75-94 телефондору, infocom.kg сайты, жана smg@infocom.kg электрондук почта аркылуу арыз калтырууңуз керек.

Ыкчам топтордун кызмат баасы:

Бир кишиге — 1616 сом;
10 кишиден 16 кишиге чейин — бир адамга 725 сом;
20 кишиден 29 кишиге чейин — бир адамга 415 сом;
30 кишиден жогору — бир кишиге 312 сом.

Толук маалыматты бирдиктүү 119 номери аркылуу алсаңыздар болот.

Аталган кызмат Ата мекендик согуштун ардагерлерине, карылар үйүндөгүлөргө, I топтогу майыптарга, жетимдер менен балдар үйүндө тарбиялангандарга бекер көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0