БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктар диний билимди кайсы өлкөлөрдөн алууда, алар окуган ислам диний окуу жайлардын өзгөчөлүгү жана биздин атуулдардын чет өлкөлөрдө окуу тенденциясы тууралуу кеңири иликтөө жарыяланды. Аны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен биргеликте Тынчтык Инновациялар боюнча Булан институту жүргүздү.
Булан институту чет өлкөлөрдөгү ислам боюнча билим алам деп өз алдынча туристтик виза жана жеке чакыруулар менен кеткендердин саны өсүп жаткандыгы тынчсызданууну жаратып жаткандыгын белгилеген.
"Соңку кездери кыргызстандыктар Сауд Аравия, Пакистан, Бангладеш, Египет ж.б өлкөлөргө диний билим алууга эч бир каттоосу жок жана мамлекеттик органдардын, муфтияттын жардамы же кеп-кеңешин албай, өз алдынча кетип жатканы көбөйүүдө. Бул изилдөөнү Дин иштери боюнча комиссия менен чогуу жүргүздүк. Демилге алар тараптан болду, себеби бул тармакка буга чейин такыр анализ жасалбаптыр", — деди Булан институтунун Борбор Азия программасынын жетекчиси Чолпон Орозобекова.
Ал учурда Араб өлкөлөрүндө жана Орто Чыгышта азыр канча кыргызстандык кандай окуу жайда окуп жатканын эч бир мекеме билбегендиги да чоң көйгөй экендигине токтолду.
Иликтөөдө окууга деп аттангандардын кайра өлкөгө экстремисттик идеология менен келүү кооптуулугу да белгиленген.
"Алардын айрымдары шектүү окуу жайларда билим алып, чет жактан экстремисттик уюмдардын ишине тартылып кетүү коркунучу бар. Ошондой эле Кыргызстанга келгенден кийин алардын идеологиясы менен саясатын жайылтуучуларына айланышы толук ыктымал", — деп айтылган иликтөөдө.
Муфтият үч жылдан бери чет жакка билим алууга эч кимди жөнөткөн эмес
Буга чейин чет өлкөгө билим алууга жөнөгөндөр Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга келип атайын анкетаны толтуруп, алардын макулдугу менен кетчү. Сирияда согуш аракеттери башталып, Орто Чыгышта абал оорлогону диний уюмдар жолдомо берүүдөн чочуп калышкан.
"Жолдомосу жок болгондуктан Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга макулдашууга келгендердин саны да кескин азая баштаган. Муфтият үч жылдан бери чет өлкөлөргө диний билим алууну жөнөтүүнү токтоткон. 2012-жылдан баштап чет өлкөлөрдөгү ислам окуу жайларга мамлекеттик органдар менен макулдашуусуз эле, өз алдынча туристтик виза, же жеке чакыруу менен, же кайрымдуулук фондулардын жардамы менен кеткендердин саны өсө баштаган", — деп айтылат иликтөөдө.
Кыргызстандагы диний аалымдар кайдан билим алган?
Кыргызстандын учурдагы муфтийи Максат Токтомушевден тарта Уламалар кеңеши жана КРдеги Ислам инстутитунун ректорунун, казы-имамдардын кайсы жактан диний билим алып келгендеги кеңири баяндалган.
Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы:
1. Чүй облусунун мурдагы казысы Максат Укуев, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек Токтомушев 1996-2005-жылдары Пакистанда "Мадраса Арабия Райванд" медресесин бүтүргөн;
2. Бишкек шаарынын казысы Садриддин Маджитов Пакистанда "Абу Хурайра" ислам университетин бүтүргөн жана Бишкек шаарындагы "Абдулла ибн Масуд" медресесинен окуган;
3. Талас облусунун казысы Таалайбек Бапиев Талас облусундагы "Али ибн Аби тоолиб" медресесин 1996-2000-жылдары бүтүргөн;
4. Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек Сагындыков 1994-2004- жылдары Египеттеги Аль-Азхар университетин бүтүргөн;
5. Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев 1992-2002-жылдары Египеттеги Аль-Азхар университетин бүтүргөн;
6. Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз Закиров Түркиядагы Куран жаттоо курсунда окуган. Жалал-Абад облусундагы "Имам Тирмизий" медресесин бүтүргөн;
7. Ош облусунун казысы Самидин Атабаев Казань ислам университетин бүтүргөн;
8. Ош шаарынын казысы Убайдилла Сарыбаев 1993-1997-жылдары Ош облусундагы Абдужапар институтун бүтүргөн.
Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү каяктан билим алган?
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши Кыргызстан Мусулмандар Курултайынан кийинки жогорку органы.
Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов 1989-1993-жылдары Ташкенттеги "Имам-Бухари" университети жана 1992-2000-жылдары Египеттеги "Аль-Азхар" университетинен окуган, анын орун басары Марс ажы Ибраев 1993-1998- жылдары Кыргызстан Ислам университетин, 1998-2002-жылдары Египеттеги "Аль-Азхар" университетин аяктаган. Ал эми кеңештин мүчөлөрүнүн бири Замир кары Ракиев Египеттеги "Аль-Азхар" университетин, Кадыр ажы Маликов 1997-2000-жылдары Иордания университетинин (Амман) ислам укуктарын, Чубак ажы Жалилов 1992-1996-жылдары Ислам университети, 2000-2006- жылдары Сауд Арабиясында "Умм аль-Кура" университетин (Мекке шаары) бүтүргөн. Кимсанбай ажы Абдурахманов Бухарадагы "Мир-Араб" университети жана Иордания университетинен (Амман) билим алган.
Кыргызстандагы диний билим сапатын жогорулатууну жөнгө салуу максатында "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан. Анда чет өлкөлөрдө диний окуу жайларга өлкөнүн ичинде базалык орто билим жана диний билим алгандан кийин гана баруусу, ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга окууга кетээр алдында маалымдоосу керектиги жазылган.
"Бул мыйзам долбоору парламентте эки комитеттин кароосунан өткөн. Жакын арада Жогорку Кеңештин кароосуна чыгат. Бул жаңы нормалар чет өлкөлөрдө диний билим алуу учурунда жаштар экстремисттик уюмдардын кооптуу идеяларынан алыс болуу максатын көздөйт" — деген Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси Зайырбек Эргешов.
Чет өлкөлөрдөн диний окуу жайларды тандоодо түшүндүрүү иштерин жүргүзүү муфтият жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын максаттарына кирет. Бирок чет өлкөлөргө башаламан аттанууну жөнгө сала алгыдай, кетип жаткандарды каттоого алып, багыт берип, документтерин карап чыкканга аларга мыйзамдык-нормативдик база жетиштүү түзүлгөн эмес.
Булан институтунун сунушу менен корутундусу
Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту – Кыргызстанда светтик жана диний билим берүү системасын реформалоо боюнча иш алып барган бейөкмөт уюм. Буга чейин Кыргызстандагы диний окуу жайларынын, негизинен медреселердеги окуу программалары менен окуу шарттары боюнча баяндама жарыялаган. Кийин орто билим берүү мекемелериндеги окуучулардын батпай жатышын, авариялык абалдагы мектептер, жаңы мектептердин курулуш сапатын анализдеген иликтөө жүргүзгөн.