БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Экс-преиздент Алмазбек Атамбаев чет жакта эс алып кайтканын ишенимдүү булактар билдирди.
Эске салсак, Атамбаев 24-ноябрда Жээнбековго президенттикти өткөрүп берген. Ага чейин жыл жыйынтыгы боюнча журналисттерге берген маалымат жыйынында президенттиктен кеткенден кийин эки жумага эс аларын айткан болчу.
"Инаугурациядан кийин Алмазбек Атамбаев бир катар жолугушууларды өткөрүп, андан кийин чет жакка эс алганы кеткен. Эми кайтып келди", — деди булак.
Кайсы мамлекетке барып эс алганы такталган жок.