Убактылуу кармоочу жайдан качкандардын төртүнчүсү кармалды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүПогранзастава "Западная" в акватории Калининградского залива
Погранзастава Западная в акватории Калининградского залива - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыпталган төрт жаран 27-ноябрда качып чыгышкан

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Сокулук РИИБдин убактылуу кармоо жайынан качып кеткендердин төртүнчүсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, качып кеткен жаран 1-декабрда таңкы саат 4:00дөр чамасында "Сирена" ыкчам издөө иш-аракеттеринин жыйынтыгында Москва районунун Спартак айылына жакын жерден колго түшкөн.

"28 жаштагы Кайрат Жанботоев Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча айыпталып кармалган", — деп айтылат маалыматта.

ИИМ кызматкерлери кылмышкерлерди издөө иштери учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Граната, кайыган ок, атышуу. Кыргызстандын түрмөлөрүнөн дагы кимдер качкан?
Белгилей кетсек, 27-ноябрда Сокулук РИИБдин убактылуу кармоо жайынан төрт киши качып кеткен болчу. Буга чейин качкандардын үчөө кармалган.

Аталган фактынын негизинде прокуратура милиция кызматкерлерине карата Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 316-беренеси (Шалаакылык) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0