БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчылары чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин тамашалуу окуя болгонун Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.
Не туда: Лукашенко повел ОДКБ в неверном направлении pic.twitter.com/7QQCmhs1un
— Дмитрий Смирнов (@dimsmirnov175) 30 ноября 2017 г.
Окуянын видеосун Кремлдин пулуна кирген журналист Дмитрий Смирнов өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаган.
Белоруссиянын башчысы жанында турган Нурсултан Назарбаевдин колунан тартып, сол жакка басуу керек дегендей белги берген. Бирок бир нече секунддан кийин лидерлерди башка багытка "бурган".
Уюмдун саммити 30-ноябрь күнү президенттин резиденциясы болгон Минскидеги Эркиндик сарайында өткөн. Кыргызстандын атынан Сооронбай Жээнбеков барды.