БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык бийчи жуптар Алматы шаарында өткөн "Күз вальсы — 2017" спорт бийлери сынагында үч алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу КРдин Бий спорту федерациясынан билдиришти.
Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан 500дөн ашуун бийчи жуптар катышты.
Кыргызстандык жуптардын жеңиштери:
"Жаштар жана чоңдор" категориясында Никита Герасименко менен Салтана Сейдалиева алтын жана "Жаштар стандарт" категориясында күмүш медаль алышты;
"Жаштар жана чоңдор. Латина" категориясында Абай Туменбаев менен Маргарита Алиева биринчи орунду ээлеп, "Жаштар жана чоңдор. Стандарт" категориясында коло медалга татышты;
"Юниорлор-2" категориясында Адилет Төлөмүшов менен Кристина Титунина биринчи орунду ээлешти;
Ал эми "Юниорлор-1" категориясында Дмитрий Блинков менен Асаль Мамбетова экинчи орунга илинди.
Калыстар тобунун катарына Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген адистер кирди.