БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кытайда өткөн "Дүйнө сулуусу — 2017" сулуулар сынагында индиялык Мануши Чхиллар алтын таажыга ээ болду. Бул туурасында сынактын Twitter баракчасына жарыяланды.
Miss World 2017 Final Result!
— Miss World 2017 (@MissWorldTime) 18 ноября 2017 г.
Winner — INDIA, Manushi Chhillar
1st Runner Up — MEXICO, Andrea Meza
2nd Runner Up — ENGLAND, Stephanie Hill#MissWorld #MissWorldTime #MissWorld2017 #MW2017 #MissWorldSanya #Sanya #China #MissWorldChina pic.twitter.com/Vkqn4CodCK
Баш байгеге ээ болгон бийкеч 20 жашта.
Экинчи орунду мексикалык Андреа Мезу алса, коло байге британиялык Стефани Хиллге буюрган. Сулуулардын сынагы 20-октябрдан 19-ноябрга чейин уланып, финал ишемби күнү Кытайдын Санья шаарында өткөн.
CONGRATULATIONS!
— Miss World 2017 (@MissWorldTime) 18 ноября 2017 г.
Miss World 2017 is Miss India, Manushi Chhillar.#MissWorld #MissWorldTime #MissWorld2017 #MW2017 #MissWorldSanya #Sanya #China #MissWorldChina pic.twitter.com/l4hUJPpEPJ
Ал эми Индонезия, Россия, Түштүк Корея, Ямайка, Түштүк Африка, Кения жана Франциядан барган селкилер алдыңкы ондукка кирген. Негизги сыйлык үчүн 156 мамлекеттен барган сулуулар ат салышкан.
"Кыргызстан сулуусу — 2017" титулун багындырган Бегимай Карыбекова виза маселесинен улам кечигип, бул сынакка бара албай калган.