БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Япон өкмөтү Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы майыптардын реабилитациялык борборуна 42,5 миң долларлык медициналык жабдуу тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Эми бул жабдуунун жардамы менен майыптарды маалында сапаттуу дарылоого шарт түзүлөт.
"Берилген жардам өз кезегинде социалдык чыңалууну азайтып, майыптардын коомдо өз ордун таап, кошумча каражат иштеп тапканга мүмкүнчүлүк түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Реабилитациялык борборго кардиоаппаратура, физиотерапия жана машыгуу үчүн тренажерлор берилген.
Учурда бул борбор I, II, III топтогу 600дөн 700гө чейинки майыпка кызмат көрсөтөт.