БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Дүйшөнбек Зилалиев аны кайсы жумушка дайындаса ошол жакта иштей турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Белгилей кетсек, Зилалиев президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен вице-премьерликтен бүгүн, 17-ноябрда бошотулган.
Зилалиев сизди кайсы жумушка дайындашты деген суроону комментарийсиз калтырды.
"Бул суроого азыр жооп бербей турайын. Так бир нерсени айтсам алдагандай болуп калам", — деди ал.
Президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө Сапар Исаков Зилалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу аны кызматтан бошотууну өтүнгөнү айтылат.
Эскерте кетсек, Зилалиев 2017-жылдын август айынан бери экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр болуп иштеп келген.