БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Даир Кенекеев вице-премьер-министр болуп дайындалгандан бери анын ордуна жаңы жетекчи келе элек.
Эске салсак, Кенекеев вице-премьерликке 25-октябрда дайындалган.
Өкмөт Талас облусунун жетекчилигине кимдин талапкерлиги көрсөтүлөрү аныктала электигин, бул боюнча маалымат кийин берилерин маалымдашты.